Жалал-Абадда Мамлекеттик туу жана Ак калпак күнү белгиленди

 Жалал-Абадда Мамлекеттик туу жана Ак калпак күнү белгиленди
Бүгүн, 2-март күнү, Жалал-Абад шаарында мамлекеттик туу жана ак калпак күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү. Ага Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин Жалал-Абад шаарындагы №5 өзүнчө батальонунун өздүк курамы, облустук жана шаардагы мекеме-ишканалардын жамааты, билим берүү тармагынын кызматкерлери, жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери катышты.
Саамалыктын катышуучулары борбордук аянттан Аюб-Тоо боорундагы “Жалал-Абад” жазуусу коюлган стелага чейин жөө жүрүштөн өтүштү.
Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков жана шаар мэри Эрнисбек Ормоков сөз сүйлөп, тургундарды Мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгы жана алдыда келе жаткан ак калпак күнү менен куттукташты.
Облус башчысынын орун басары туу ата-бабалардын бай тарыхый мурасын жана көчмөн маданиятын чагылдырып, өлкөнү дүйнөгө таанытып турган мамлекеттүүлүктүн эң башкы символу экенин белгиледи. Ошол эле учурда Ак калпак Кыргыз эркектеринин баш кийими катары таанылып, өзүнө терең философияны камтыган улуттук баалуулук экенин кошумчалады.

Связанный пост