Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тиешелүү мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана ишке орноштуруу боюнча жеке агенттиктердин өкүлдөрү менен тышкы эмгек миграциясында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын маселелери боюнча жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарыбызды укуктук жактан колдоо, алардын эмгек шарттарын жакшыртуу жана мыйзамдуу ишке орноштуруу маселелери каралды. Эмгек жана […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров мамлекеттик ведомстволордун жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен (видеоконференция режиминде) коомдук жайларда жана билим берүү мекемелеринде жардыруучу заттар коюлгандыгы жөнүндө жалган малымат тараткандар боюнча жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматы угулду. Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Улан […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы Э. Гареев атындагы Ботаникалык багында өткөн ишембиликке катышты. МинКаб башчысы ошондой эле Ботаникалык бактын азыркы абалы менен таанышып чыкты жана аны реконструкциялоо боюнча пландарды укту. Белгилей кетсек, ишембилик Президенттин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдарга тиричилик калдыктарын башкаруунун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ысык-Ата дарыясында курулуп жаткан кичи ГЭСтин курулушу менен таанышты. Бул объектке баруу энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) өнүктүрүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун иш-чараларынын алкагында уюштурулду. Жыйынга энергетика тармагындагы ассоциациялардын жана бирикмелердин, жергиликтүү бийлик жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө энергиянын […]Читать далее
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров II Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун
Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) жумуш сапары менен барган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров II Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун алкагында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүк жана көп кырдуу кызматташтык мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. Биргелешкен бизнес-демилгелерди жана келечектүү […]Читать далее
Акылбек Жапаров: Кыргызстанда өндүрүлгөн энергиянын дээрлик бардыгы “жашыл” болуп саналат,
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) болгон жумуш сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусундагы II Ташкент эл аралык инвестициялык форумга катышты. II Ташкент эл аралык инвестициялык форуму салттуу түрдө дүйнөнүн 70 өлкөсүнөн 2500дөн ашуун өкүлдөрдү чогултту жана ал пленардык жыйын форматында, панелдик […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда иштеп жаткан кытайлык компаниялардын Ли Юэ мырза баштаган өкүлдөрү менен жолукту. Жолугугууда тараптар өзгөчө соода-экономикалык кызматташууну илгерилетүү максатында биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда чет өлкөлүк капиталды коргоонун жана сактоонун мамлекеттик гарантияларын камсыз кылуу жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) болгон жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу өз ара кызматташуунун эки жакты тең кызыктырган маселелердин кеңири топтомун талкуулашты. Тараптар Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун Өзбекстан Республикасына жакында […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) келди. Жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы 27-апрелде Ташкент шаарында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда өтүүчү жана дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөсүнүн 2500 өкүлдөрүн чогулткан II Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун ишине катышат. Акылбек Жапаров […]Читать далее
Ведомстволор аралык жумушчу комиссия энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууга жарактуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жана чакан ГЭСтерди куруу маселелери боюнча жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө” Жарлыгынын аткарылышы каралды. Бакыт Төрөбаев өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоого, электр энергиясынын тартыштыгын жоюуга, ошондой эле энергетикалык ресурстарды […]Читать далее