МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстандагы кытайлык ишкерлер менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда иштеп жаткан кытайлык компаниялардын Ли Юэ мырза баштаган өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугугууда тараптар өзгөчө соода-экономикалык кызматташууну илгерилетүү максатында биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда чет өлкөлүк капиталды коргоонун жана сактоонун мамлекеттик гарантияларын камсыз кылуу жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча боюнча чаралар ишке ашырылганын белгиледи.

“Кыргызстанда иштеп жаткан кытайлык компанияларда биздин өлкөдө бизнес жүргүзүү боюнча суроолору бар экенин билебиз. Ошол себептүү, сиздердин суроолоруңузду талкуулоо үчүн чогулдук. Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргыз Республикасынын Президенти чет элдик инвесторлордун укуктарын жана коопсуздугун өзгөчө көзөмөлгө алды. Министрлер Кабинети дагы өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча активдүү иштерди жүргүзүүдө”, – деди ал.

Ал эми кытайлык ишкерлер өз ара соода жүгүртүүнү өнүктүрүүгө жана эки тарапты тең кызыктырган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.

Статистикалык көрсөткүчтөр боюнча 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасы менен болгон соода жүгүртүүсү 4 млрд 130 млн АКШ долларын түзгөн.

Связанный пост