Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Германиянын Тышкы иштер министрлигинин Европа иштери боюнча мамлекеттик министри Гюнтер Кричбаумду кабыл алды. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-герман кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, анын ичинде соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү талкууланды. Жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун, ошондой эле “Борбор Азия – Германия” форматындагы диалогду бекемдөөнүн маанилүүлүгү белгиленди. Минкаб төрагасы Адылбек […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев дары-дармек каражаттарын чыгаруучу заводдун курулушу боюнча инвесторлор менен жолугушту. Атап айтканда, жолугушууга Кытайдын EHD (Eurasian Healthcare Development), “Циньхуандао Тайчжи Медикал Текнолоджи Компани Лимитед” компанияларынын жана Польшанын “LEKAM” фармацевтикалык компаниясынын өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө катуу пероралдык формаларды, суюк дары формаларын, майларды жана стерилдүү препараттарды чыгара турган фармацевтикалык комплексти куруу маселелери талкууланды. […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президенттин мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиядан арылтууга багытталган жарлыгынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү. Минкаб башчысы белгилегендей, ашыкча жөнгө салууну жана бюрократиялык жол-жоболорду жоюу боюнча кабыл алынган чаралар билим берүү, илим, саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, ошондой эле статистика, каржы жана башка […]Читать далее
Кыргызстанда тоо-кен тармагынан түшкөн киреше көбөйдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышканда билдирди. Адылбек Касымалиев белгилегендей, былтыр бюджетке бул тармактан 65,4 млрд сом киреше түшкөн.Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Алгач минкаб төрагасына “Кыргызалтын” ААКнын башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов компаниянын алтын куймаларын сатуу боюнча фирмалык дүкөнүнүн ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Маалыматка ылайык, жыл жыйынтыгы боюнча дүкөндүн кирешеси 855 млн сомдон ашып, алтын куймаларга болгон суроо-талаптын жогору экендиги аныкталып, бул багыт натыйжалуулугун көрсөткөн. Эске […]Читать далее
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен быйыл эмгек акыларды жогорулатуу процесси башталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымында, учурда айлыктарды жогорулатуу социалдык тармактын кызматкерлерин камтыды, ал эми күзүндө калган мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акылары көбөйтүлөт. Айыл чарба министрлигиндеги кызматкерлердин эң көп бөлүгүн Суу ресурстары кызматынын адистери түзөт. “Бул жылы сиздердин да […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөгө иш сапары менен келген Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуунун жана башка багыттардын кеңири комплекси талкууланды. Сүйлөшүүлөрдүн алкагында Кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиясынын алдыдагы жыйынынын маселелери да каралды. Тараптар эки өлкө үчүн тереңдетилген стратегиялык өнөктөштүк рухунда артыкчылыктуу багыттар боюнча мындан […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине 63 даана атайын техниканын ачкычтарын тапшырды. Жаңы сатып алынган атайын техникалардын абалы менен таанышкан минкаб төрагасына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков маалымат берди. Белгилей кетсек, 40 даана […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Америка Кошмо Штаттарындагы Стэнфорд университетинде бакалавриат программасы боюнча толук гранттык окууга ээ болгон Амиртай Бексултанов менен жолугушту. Министрлер кабинетинин башчысы Амиртай Бексултановду дүйнөдөгү эң абройлуу университеттердин бирине ийгиликтүү тапшыргандыгы менен куттуктап, бул жетишкендик даярдыктын, максатка жана билимге болгон умтулуунун жогорку деңгээлинин ачык далили экенин баса белгиледи. Ал жаштардын мындай ийгиликтери […]Читать далее
Министрлер кабинети Кыргызстанда жаныбарларды багуу, көбөйтүү жана коргоо маселелери жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү документке министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Кабыл алынган чечимдин максаты Кыргызстандын аймагында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин капаста, жарым-жартылай капас шартында жана жасалма байырлоо чөйрөсүндө багуу жана көбөйтүү чөйрөсүндөгү мамилелерди өркүндөтүү жана тартипке келтирүү, ченемдик укуктук актылардагы аныкталган шайкеш эместиктерди жоюу. […]Читать далее