Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарына келди. МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаровду Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропортунан Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды. Жумуш сапарынын алкагында МинКаб Төрагасы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Эки тараптуу кызматташуу боюнча […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын Шэньси провинциясынын Элдик өкмөтүнүн төрагасы Чжао Ган менен жолугушту. Минкаб башчысы Кыргызстан Шэньси провинциясы менен Улуу Жибек Жолунун боюндагы байыртадан бери байланышып келгендигин белгиледи. Акылбек Жапаров 2023-жылдын май айында Сиань шаарында «Кытай-Борбор Азия» саммити өтүп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын […]Читать далее
Эр-Рияд шаарына (Сауд Аравия Королдугу) жумушчу сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Сауд Арабия Королдугунун Айлана-чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министри Абдуррахман бин Абдулмохсен Аль- Фадли менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар акыркы жылдарда өлкөлөр ортосундагы саясий диалогдун олуттуу активдешүүсүн, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосунда түз байланыштарды […]Читать далее
Минкаб башчысы М.Абдраев атындагы музыкалык мектептин реконструкциялоо долбоору менен таанышты
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мукаш Абдраев атындагы республикалык орто атайын музыкалык мектеп-интернатындагы билим берүү чөйрөсүн реконструкциялоо жана жакшыртуу долбоору менен таанышты. Минкаб башчысы 300 орунга эсептелген жаңы жатакананын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Тиешелүү финансылык каражаттар республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Объекти үстүбүздөгү жылдын сентябрына чейин бүткөрүү пландалууда. Акылбек Жапаров Ага-Хан өнүктүрүү тармагынын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ага Хан Маданият Трастынын башкы директору Луис Монреал менен жолугушту. Акылбек Жапаров белгилегендей, Ага Хан Өнүктүрүү Тармагы (АКДН) Кыргызстандагы ишмердүүлүгүндө, билим берүү, саламаттыкты сактоо, микрофинансылоо, чакан бизнести өнүктүрүү, инфраструктура, туризм, банк иши жана маданий кайра жаралуу сыяктуу тармактарда коомдун турмушунда оң өзгөрүүлөрдү жасады. Минкаб башчысы Кыргызстандын, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Ислам өнүктүрүү банкынын Башкаруучулар кеңешинин жана Директорлор кеңешинин тобунун пленардык жыйынына катышты. Ислам Өнүктүрүү Банкынын (ИӨБ) Алтын юбилейи жана 2024-жылдагы 49-жылдык жыйыны “Өткөндү баалоо, келечекти белгилөө: оригиналдуулук, тилектештик жана гүлдөп өнүгүү” деп аталат. Белгилей кетсек, ИӨБнын жылдык жолугушуулары мамлекеттердин, эл аралык жана аймактык уюмдардын, жеке […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргызстанга биринчи жолу иш сапары менен келген Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) Жакынкы Чыгыш, Борбордук Азия, Түркия, Афганистан жана Пакистан боюнча аймактык вице-президенти Хела Шейхруха менен жолугушту. Минкаб башчысы IFC менен биргеликте ишке ашырылып жаткан долбоорлор өлкөнүн экономикасына олуттуу оң таасирин тийгизип жатканын […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Ислам өнүктүрүү банкы тобунун башкаруучуларынын 49-отурумунун алкагында акылдуу билим берүүнү (SmartEd) каржылоо демилгелерине арналган Араб координациялык тобунун форумунда сөз сүйлөдү. МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкы менен да, Араб координациялык тобунун бардык фонддору менен да кызматташууда көп жылдык ийгиликтүү тажрыйбага ээ экенин белгиледи. «2023-жылдын […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Ислам өнүктүрүү банкынын тобунун башкаруучуларынын 49-отурумунун алкагында Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Аль-Маршад менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, эолугушууда тараптар медициналык мекемелерди, билим берүү мекемелерин куруу, жол инфраструктурасын, айыл чарбасын өнүктүрүү жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жер-жерлердеги учурдагы долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты […]Читать далее
Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) “Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо” долбоорунун алкагында Кыргызстанга 79 млн доллар бөлөт. Макулдашууга КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен ИӨБ президенти Мухаммад Сулайман Аль-Жасирдин жолугушуусунда кол коюлду. Өз сөзүндө министрлер кабинетинин башчысынын орун басары бул долбоорду ишке ашыруунун аркасында миңдеген муктаж үй-бүлөлөр ипотекалык кредиттөө […]Читать далее