Акылбек Жапаров Кытайдын Шэньси провинциясынын Элдик өкмөтүнүн төрагасы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын Шэньси провинциясынын Элдик өкмөтүнүн төрагасы Чжао Ган менен жолугушту.

 

Минкаб башчысы Кыргызстан Шэньси провинциясы менен Улуу Жибек Жолунун боюндагы байыртадан бери байланышып келгендигин белгиледи.

 

Акылбек Жапаров 2023-жылдын май айында Сиань шаарында «Кытай-Борбор Азия» саммити өтүп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Кытайга мамлекеттик визити болуп, эки өлкөнүн мамлекеттер аралык мамилелеринин тарыхында кызматташуунун жаңы барагы ачылганын баса белгиледи. Сапардын жыйынтыгында эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер жаңы доордо ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине көтөрүлдү.

 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Сиань шаарынан башталган байыркы Улуу Жибек жолун уникалдуу түрдө калыбына келтирет деген оюн билдирди.

 

«Географиялык жайгашуусунун артыкчылыгы менен Шэньси жана Кыргызстан провинциялары эл аралык транзиттик жүк ташуулардын кошумча көлөмдөрүн тарта алат, бул Кытай менен өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн олуттуу өсүшүнө өбөлгө түзөт», – деди Акылбек Жапаров.

Кытай Эл Республикасынын Шэньси провинциясынын Элдик өкмөтүнүн төрагасы Чжао Ган өз кезегинде меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, бул сапар биргелешкен долбоорлорду талкуулоо жана андан ары өнүктүрүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатканын белгиледи. Ал соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты, атап айтканда соода-экономикалык багытта, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, Кыргызстандын экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын Шэньси провинциясына экспорттоо, туризмди өнүктүрүү, биргелешкен Кыргызстандын өнөр жай зоналары жана айыл чарба парктары боюнча пилоттук долбоорлорду ишке киргизүү. Тараптар ошондой эле энергетика тармагындагы кызматташуунун кеңири спектрин талкуулашты.

 

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Шэньси провинциясынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Связанный пост