Адылбек Касымалиев ИӨБ Башкаруучулар кеңешинин жана Директорлор кеңешинин тобунун пленардык жыйынына катышты

 Адылбек Касымалиев ИӨБ Башкаруучулар кеңешинин жана Директорлор кеңешинин тобунун пленардык жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Ислам өнүктүрүү банкынын Башкаруучулар кеңешинин жана Директорлор кеңешинин тобунун пленардык жыйынына катышты.

Ислам Өнүктүрүү Банкынын (ИӨБ) Алтын юбилейи жана 2024-жылдагы 49-жылдык жыйыны “Өткөндү баалоо, келечекти белгилөө: оригиналдуулук, тилектештик жана гүлдөп өнүгүү” деп аталат.

Белгилей кетсек, ИӨБнын жылдык жолугушуулары мамлекеттердин, эл аралык жана аймактык уюмдардын, жеке сектордун, илимий чөйрөнүн жана жарандык коомдун жогорку деңгээлдеги өкүлдөрүнүн катышуусунда бир катар кошумча иш-чараларды камтыйт.

2024-жылы иш-чарага 60тан ашык өлкөнүн, анын ичинде ИӨБга мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышкан.

Иш-чараны ИӨБ президенти Мохаммед Сулайман Аль-Жасир ачып, ал быйылкы жолугушуулар “Банктын мүчө-өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү аракеттеринин 50 жылдыгын белгилейт жана ИӨБ мүчө-өлкөлөрү жана катышуучу каржы институттары менен кызматташууну максималдуу кеңейтүү, экономикалык мамилелерди консолидациялоо жолдорун изилдөөгө мүмкүнчүлүк түзөөрүн белгиледи».

Связанный пост