Мал чарбасын өнүктүрүү боюнча жаңы 5 жылдык план даярдалат

 Мал чарбасын өнүктүрүү боюнча жаңы 5 жылдык план даярдалат

Кыргызстанда 2026-2030-жылдары мал чарбасын жана тоют базасын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы иштелип чыгат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде өткөн жыйында белгилүү болду.

Министрликтин маалыматына караганда, талкууга 100дөн ашык фермер, ишкер, ветеринар, окумуштуу жана тармактын адистери катышты.

Жыйында малдын санын жана сапатын жогорулатуу, тоют менен камсыздоо, ветеринардык тейлөөнү жакшыртуу жана фермерлердин көйгөйлөрүн чечүү маселелери каралды.

Катышуучулардын сунуштарынын негизинде 2026-2030-жылдарга карата иш-чаралар планы даярдалат. Фермерлер сунуштарын министрликтин 1210 кыска номерине билдире алышат.

Связанный пост