Ошто прокурорлор 10 күн бою жарандардын көйгөйлөрүн жеринде угат
Ош облусунда прокурорлор 10 күн бою айылдарды кыдырып, жарандардын арыз-даттанууларын жеринде кабыл алышат. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-19-ноябрь күндөрү райондук прокурорлор жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн, сунуштарын жана кайрылууларын угушат.
Кабыл алуунун жүрүшүндө көтөрүлгөн маселелер мыйзам чегинде каралып, мыйзам бузуулар аныкталса, тиешелүү чаралар көрүлөт. Ар бир кайрылуу прокуратура органдарынын көзөмөлүнө алынат.
Иш-чаранын максаты жарандардын укуктарын коргоо, көйгөйлөрдү жеринде аныктоо жана аларды ыкчам чечүүгө көмөктөшүү болуп саналат.