Тажикстандан өткөн 170 үй Баткендеги жарандарга бөлүштүрүлөт
Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда эки турак жайы тең жараксыз болгон жарандардын экинчи үй маселеси каралууда.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүгөн билдиришкендей, бүгүн Тажикстандан Кыргызстанга өткөрүлүп берилген турак жайларды бөлүштүрүү боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү.
Анда 2021-2022-жылдардагы куралдуу жаңжал учурунда бир тилкеде жайгашкан эки үйү тең жараксыз абалга келген жарандардын экинчи турак жай менен камсыз болуу маселеси талкууланды.
Жалпысынан Тажикстандан Кыргызстанга 213 турак үй өткөрүлүп берилген. Анын 170и жашоого жарактуу. Жакынкы күндөрү үйлөр мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү жарандарга бөлүштүрүлөт.
Жумушчу топтун төрагасы, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев бөлүштүрүү иштерин калыс жана адилеттүү жүргүзүүнү тапшырды.