Чет өлкөлөрдө 22 миң кыргызстандык мыйзамдуу иштеп жатат

 Чет өлкөлөрдө 22 миң кыргызстандык мыйзамдуу иштеп жатат

Бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдө 22 миң кыргызстандык мыйзамдуу түрдө жумушка орноштурулду. Бул тууралуу Жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу борборунун директору Бактыбек Кудайбердиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, учурда жарандар 26 өлкөдө иштеп жатышат. Бул быйылкы жылдын он айынын жыйынтыгы болуп саналат.

“Ал эми 2025-жылы 25 миңден ашуун жаран жумушка орноштурулган. Былтыркыга салыштырмалуу 10%га көп болууда. Бул жарандардын мамлекеттик органга, экинчиден андан уруксат алып иш жүргүзгөн агенттиктерге болгон ишеними артып жатканын көрсөтөт. Мындай жолдор менен кеткендер чет өлкөдө кыйынчылыктарга азыраак дуушар болушат. Өз алдынча кеткендердин көбүнчөсүнүн укуктары бузулуп, кыйналган учурлар болуп жатат”, – деди директор.

Связанный пост