Аймак

Жумгалдын районунун кинотеатры оңдоп-түзөлдү

2023-жылдын 12-майында Нарын областынын, Жумгал районунун Чаек айылындагы Таттыбүбү Турсунбаева атындагы “Соң-Көл” кинотеатры капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Кинематография департаментинен директору Акжол Бекболотов, Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Адыбек Набиев, Кыргызстандын Кинематографистер уюмунун төрагасы Таалайбек Кулмендеев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, кино ишмерлери жана киносүйүүчүлөр катышты. Кинотеатрдын ондоп-түзөө иштерине Жумгал районунун жергиликтүү өнүктүрүү фонду […]Читать далее

Коом

“Арча-Бешик” конушунда бала бакча курулууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы “Арча-Бешик” конушунда бала бакча  курууда. Имарат 2 кабаттуу, жер төлөсү жок. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 8 топ 180 орунга эсептелген. Жалпы аянты- 1889,3 чарчы метр. Учурда сырткы жасалгалоо, аймакты көрктөндүрүү жана от казандын курулушу жүрүп жатат. Имаратта оюн-зоок, буфет, ашкана, уктоочу, жуунуу бөлмөлөрү, медициналык кабинет, кызматкерлердин бөлмөсү, музыкалык-гимнастикалык […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен

Бүгүн, 12-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу КРнын ЖКнин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү ьилдирди. Алгач Төрага Каракол шаарында жайгашкан К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ишмердүүлүгү менен таанышып, анын ичинен окуу имараттарындагы оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты. Алсак, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети 1940-жылы […]Читать далее

Укук тартиби

Ош шаарында жашыруун казино табылды

КР УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз кумар оюн жайынын бети ачылып, бөгөт коюлду. 2023-жылдын 27-апрелинде тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө кумар оюн жайынан 327 000 сом акча жана 16 персоналдык компьютер табылып алынган. Ошондой эле, аталган мекеменин жетекчиси Кыргыз Республикасынын Ж.А. аттуу жаранынан 597 200 сом, 4 800 АКШ доллары, 4 […]Читать далее

Коом

Курулуп бүткөн жана курулуп жаткан имараттардын сейсмологиялык жактан туруктуулугун текшерүү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси менен курулуп бүткөн жана курулуп жаткан имараттардын сейсмологиялык жактан туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлдү. Мындай чечим Түркия Республикасынын аймагында болуп өткөн акыркы жер титирөөлөрдү, ошондой эле дүйнөдөгү континенттик плиталардын жылышын эске алуу менен кабыл алынды, анын натыйжасында Кыргыз Республикасынын аймагында айрым процесстер жана кубулуштар активдешип кетиши мүмкүн. […]Читать далее

Коом

Талас шаарына 25 миң даана гүл отургузулат 

Жашыл чарба муниципалдык ишканасы жаз алды менен күнөсканаларда 25 миң даана ар кандай гүлдүн көчөттөрүн даярдашкан. Бул гүлдөр шаардагы гул бакчаларга, борбордук сейил паркка отургузулат. 2 күндөн бери жашыл чарбанын жумушчулары тарабынан гүлдөр тигиле баштады. Шаар көркүнө жана жашыл чарба муниципалдык ишканасынын жумушчуларынын эмгегине шаар жашоочуларын жана конокторду кайдыгер болбой, аяр мамиле кылууга чакырышат.Читать далее

Коом

Ош шаарынын мэри Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепкананын абалы

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош облустук Токтогул Сатылганов атындагы китепкананын абалы менен жеринен таанышып чыкты. Таанышуу учурунда шаар башчысы мекеменин бир катар көйгөйлүү маселелери менен таанышып, жергиликтүү бийлик органдары өз ыйгарым укуктарынын чегинде бул маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтөөрүн билдирди. Белгилей кетсек, китепканага облустук мекеме статусуна карабастан көбүнчө Ош шаарынын тургундары, студенттер жана демилгелүү жаштар […]Читать далее

Коом

Ошто Алай көчөсүн оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаардагы Масалиев көчөсүндөгү унаа агымын азайтуу максатында, жолду ачуу жана ондоп-түзөө боюнча көлөмдүү иштер жүрүп жаткан Алай көчөсүнө барып, аткарылып жаткан иштер менен жеринде таанышып чыкты. «Ош шаардык жолдору» муниципалдык ишканасынын маалыматына караганда, долбоор боюнча Алай көчөсүнүн тилкесинде жайгашкан, Масалиев проспектисине кошулган эки көчөнүн жалпы узундугу 740 метр, туурасы – […]Читать далее

Коом

Бишкектен Баткенге үзгүлтүксүз авиакаттамдар жанданат

Бишкектен Баткенге үзгүлтүксүз авиакаттамдар жанданат. Бул туралуу «МЭА» ААКнун басма сөз кызматы билдирди. 2023-жылдын 18-майынан тартып Бишкек-Баткен-Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдар жанданууда. Ата мекендик «Тез Жет» авиакомпаниясы каттамдарды жумасына бир жолу – бейшемби күндөрү аткарат. «Баткен» аэропорту үстүбүздөгү жылдын 1- апрелинен тартып аэродромдун элементтерин оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу убактылуу жабылган.Читать далее

Коом

“Бакай-Ата” конушундагы Үй-бүлөлүк медицина борборунун курулушу 80% бүттү

Үй-бүлөлүк медицина борбору “Бакай-Ата” конушунун Ак-Талаа жана Анар көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Бүгүнкү күндө терезелерди жана эшиктерди орнотуу, имараттын профилин  жана ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Медициналык мекемеде медиктер үчүн амбулотордук, диспетчердик бөлмөлөр жана медикаменттер үчүн кампа, ошондой эле ординатордук бөлмө каралган. Мындан тышкары аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу каралган. Курулуш иштери “Премиум Лидер” ЖЧКсы подряддык уюму […]Читать далее