Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барды

 Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барды

Бүгүн, 12-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу КРнын ЖКнин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү ьилдирди.

Алгач Төрага Каракол шаарында жайгашкан К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ишмердүүлүгү менен таанышып, анын ичинен окуу имараттарындагы оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты.

Алсак, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети 1940-жылы мугалимдер институту катары ачылган. Учурда төрт факультет, он алты кафедрага ээлик кылган окуу жайда 5 миңдей студент билим алат. Алардын арасында кыргызстандыктар менен катар чет өлкөлүктөр да бар.

Акыркы жылдары заманбап билим берүүгө басым кылган университеттин студенттери жаңы технологияларды жасап чыгарууну адатка айлантышкан. Тагыраагы, Физика-математикалык жана табигый-техникалык факультетинде билим алган жаштар ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн “МЭЭРИМ-1” аталышындагы көнүгүү жасоочу велосипедди чыгарышып, жакынкы аралыкта патент алууну көздөшүүдө.

Студенттердин эмгектерин көрүп чыккан Төрага жаштарды жаратмандыкка чакырган ушундай көргөзмөлөрдү байма-бай өткөрүп, шыктандыруу керектигин белгиледи.

“Кыргыз жаштары да дүйнөнү дүңгүрүткөн табылгаларды иштеп чыгып, жаңы технологияларды жаратарына терең ишенем. Анткени, арабызда таланттуу жаштар, мыкты адистер өтө арбын. Билим уясы саналган университеттер алардын өнөрүн өркүндөтүүгө жана тажрыйбасын арттырууга басым жасашы керек. Тилекке каршы акыркы муундар арасында телефонду көп колдонгон адат калыптанганы жашыруун эмес. Андыктан, аларды пайдалуу иштерге тартуу менен келечекке керектүү мыкты инсандарды тарбиялап чыгаруу учур талабы”, – деди Нурланбек Шакиев.

Ошондой Ардактуу коноктор китепчесине каалоо-тилегин жазып калтырган Жогорку Кеңештин Төрагасы окутуучулар жамааты менен да баарлашты.

Агартуучулар университеттин имаратын жаңылоого керектүү каражатты чечүүгө көмөктөшүү маселесин көтөрүштү.

Бул окуу жайга жогору жактан көп көңүл бурулбай, өз алдынча гана өнүгүп жатканын байкаганын айткан Төрага керектүү каражатты чечүүгө көмөктөшөрүн жана заманбап компьютерлерди жөнөтөрүн убада кылды.

“Кыргыздын сыймыктуу уулу Касым Тыныстановдун атын алып жүргөн университеттен өлкөбүздөгү алдыңкы адистердин көпчүлүгү билим алышкан. Андыктан алардын жолун улай, дагы далай мамлекетке кызмат кылчу инсандар өсүп чыгарына терең ишенем” – деген Төрага мектеп мугалимдериники сыяктуу эле жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын да айлык маянасын көтөрүү демилгеси каралып жатканын кошумчалады.

Андан соң университетке караштуу студенттердин дзюдо боюнча спорт клубу өздөрүнүн машыгуусунан үзүндү көрсөтүп, Нурланбек Шакиевге кимоно белекке беришти. Төрага спорт бул чың ден соолуктун булагы экенин айтып, жаштарга ийгиликтерди каалады.

Эскерте кетсек, Төраганы Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Түмөнбаев, Арсланбек Малиев, Жаныбек Кыдыкбаев, Максатбек Сарбагышев, билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов баштаган жергиликтүү жетекчилер коштоп жүрөт.

Связанный пост