Жумгалдын районунун кинотеатры оңдоп-түзөлдү

 Жумгалдын районунун кинотеатры оңдоп-түзөлдү

2023-жылдын 12-майында Нарын областынын, Жумгал районунун Чаек айылындагы Таттыбүбү Турсунбаева атындагы “Соң-Көл” кинотеатры капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ачылыш аземи өттү.

Иш-чарага Кинематография департаментинен директору Акжол Бекболотов, Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Адыбек Набиев, Кыргызстандын Кинематографистер уюмунун төрагасы Таалайбек Кулмендеев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, кино ишмерлери жана киносүйүүчүлөр катышты.

Кинотеатрдын ондоп-түзөө иштерине Жумгал районунун жергиликтүү өнүктүрүү фонду тарабынан 12,7 млн. сом жана Кинематография департаменти тарабынан 650,0 миң сом бөлүнүп берилди. Аталган кинотеатрдын жабдуулары жаңыланып, Жумгал райондук мамлекеттик кинодирекицясынын демилгеси менен 3D кичи залы да жасалып бүтүп, жергиликтүү тургундарга жана конокторго улуттук жана чет элдик тасмалары тартууланууда.

Связанный пост