Коом

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматкерлери үчүн атайын 2

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматкерлери үчүн атайын 2 күндүк окуулар болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. Бул окууларынын негизги максаты тергөөнүн бүгүнкү шарттын бардык талаптарына жооп бере тургандай кылып, тергөөнүн сапатын, тергөөчүлөрдүн билим деӊгээлин ар тараптуу жогорулатуу болуп саналат. Бул окутуулар “Таза тергөө” деген аталышындагы бул […]Читать далее

Президент Саясат

Президент Садыр Жапаров Кытай Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-майда, Кытай Эл Республикасына (КЭР) болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Сиань шаарында КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Жолугушуунун алдында Садыр Жапаровду Ардактуу кароол ротасы салтанаттуу түрдө тосуп алды. Эки өлкөнүн лидерлери учурашып, Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик желектеринин алдында сүрөткө түшкөндөн кийин сүйлөшүүлөр залына өтүштү. Кыргыз-кытай эки тараптуу жана көп […]Читать далее

Экономика

Майдан тартып бардык ишкерлер электрондук эсеп-фактураны колдонушу керек

2023-жылдын май айынан тартып бардык салык төлөөчүлөр электрондук эсеп-фактураны колдонууга милдеттүү экендигин Мамлекеттик салык кызматы маалымдайт. Эсеп-фактураны колдонуу боюнча жаңы талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги токтому менен киргизилген. Эми бардык салык төлөөчүлөр Салык кызматынын маалыматтык системасында катталып, электрондук эсеп-фактураны тариздеши керек. Бул талаптар контролдук-кассалык машинаны (ККМ) колдонуу менен иш жүргүзгөн жана патенттин негизинде […]Читать далее

Uncategorized @kg Коом

Белгилүү котормочу, лингвист Турсуняз Досалиев дүйнө салды

2023-жылдын 16-майында 69 жашында катуу оорудан кийин белгилүү котормочу, лингвист, чыныгы педагог Турсуняз Акматжанович Досалиев дүйнө салды. Досалиев Турсуняз Акматжанович кесипкөй котормочу, өтө эмгекчил, мыкты устат, өзүнүн күчтүү жарандык позициясы бар, көп кырдуу инсан, терең билимдүү жана жогорку моралдык сапаттары менен кеңири таанылган. Турсуняз Досалиев 1954-жылы 18-январда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Оргочор айылында туулган. […]Читать далее

Медицина

Борбор калаада №6 Шаардык клиникалык оорукананын имаратынын курулушу уланууда

Жантөшев  көчөсүндө жайгашкан №6 Шаардык клиникалык ооруканага жер төлөсү менен 3 кабаттуу имараттын курулушу уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Бүгүнкү күндө жер төлөнүн жана 1-кабатынын монолиттик каркас иштери бүткөрүлүп, 2-кабаттын мамычасын бекемдөө иштери башталды. Жаңы имарат 70 орунга ылайыкталган. Анын жалпы аянты 2937,7 чарчы метрди түзөт. Кошумча имаратта ЭКГ, УЗИ, […]Читать далее

Маданият

Бүгүн Эл аралык салттуу Музейлер күнүнѳ карата “Музейдеги түн” акциясы

2023-жылдын 18-майында, саат 17.00дѳн – 22.00гѳ чейин Эл аралык салттуу Музейлер күнүнѳ карата “Музейдеги түн” акциясы ѳткѳрүлѳт. Борбордук Азиядагы эң ири музейлердин бири – Улуттук тарых музейинин масштабдуу 5 миңден ашуун кѳптѳгѳн кѳрүүчүлѳрдүн катышуусу күтүлгѳн акциясында, бир эле мезгилде 70ге жакын иш-чара уюштурулат. Музей кѳрүүчүлѳрү жана сүйүүчүлѳрү үчүн экспозиция залдарында тарыхый персонаждардын образдарын чагылдыруу, авиация […]Читать далее

Коом

Эмгек министрлиги: Иш менен камсыз кылуу кызматына кайрылган ар бир

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ишке орноштуруу кызматтары тарабынан 2023-жылдын алгачкы төрт айы ичинде 39,8 миң адамга ишке орноштуруу жана кесиптик билим берүү боюнча кеп-кеңештер берилди. Бул тууралуу КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Кайрылган 4,8 миң адам ишке орноштурулган, дагы 3,4 миңи аймактардагы социалдык инфраструктураны жакшыртуу үчүн акы […]Читать далее

Президент

Президент Кытайдын эң ири расмий гезити «Жэньминь жибао» гезитине интервью

Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасына биринчи мамлекеттик визитинин алдында Кытайдын эң ири расмий гезити «Жэньминь жибао» гезитине интервью берди.   Мамлекет башчысынын жоопторунун негизинде кыргыз-кытай достугу жана кызматташтыгы, эки тараптуу мамилелердин азыркы абалы жана алардын келечеги тууралуу макала басылды.   http://paper.people.com.cn/rmrb/images/2023-05/17/02/rmrb2023051702.pdf   Бул жерде макаланын эркин котормодогу толук тексти:   “Достук, ачык жана ишенимдүү […]Читать далее

Коом

Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги Түштүк Кореяга ишке орноштуруу маселесин

13-16-майда Кореянын вице-президенти Ким Сун Чжэ башында турган HRD Кореянын делегациясы Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Делегациянын иш сапарынын максаты Кыргыз Республикасындагы EPS-Topek уюштурулган иш менен камсыз кылуу системасын киргизүү процессине байкоо жүргүзүү болгон. Иш сапардын жүрүшүндө вице-президент HRD Кыргыз […]Читать далее

Билим

84 мектепте «Баалоо» улуттук программасы өтүүдө

2023-жылдын 15-майынан 24-майына чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 4-майындагы No 2275 \ 1 буйругунун негизинде “Баалоо” улуттук программасына баа берүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Баалоого өлкө боюнча 200 мектептин 4-8-класстарынын окуучулары катышууда. Баалоонун математикалык, окурмандык жана табият таануу багыттары аныкталат. Студенттер үчүн тесттер […]Читать далее