Борбор калаада №6 Шаардык клиникалык оорукананын имаратынын курулушу уланууда

Жантөшев  көчөсүндө жайгашкан №6 Шаардык клиникалык ооруканага жер төлөсү менен 3 кабаттуу имараттын курулушу уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.
Бүгүнкү күндө жер төлөнүн жана 1-кабатынын монолиттик каркас иштери бүткөрүлүп, 2-кабаттын мамычасын бекемдөө иштери башталды.
Жаңы имарат 70 орунга ылайыкталган. Анын жалпы аянты 2937,7 чарчы метрди түзөт.
Кошумча имаратта ЭКГ, УЗИ, дарыгерлердин кабинеттери, техникалык жана чарбалык бөлмөлөр, стерилизация бөлмөлөрү, жуунучу жайлар каралган.
Мындан тышкары долбоор боюнча аймак көрктөндүрүлуп жана жашылдандырылат.

Кошумча имарат куруу үчүн «Лидер Хаус КК» ЖЧК подряддык уюму менен келишим түзүлгөн.

Связанный пост