Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги Түштүк Кореяга ишке орноштуруу маселесин талкуулады

 Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги Түштүк Кореяга ишке орноштуруу маселесин талкуулады
13-16-майда Кореянын вице-президенти Ким Сун Чжэ башында турган HRD Кореянын делегациясы Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Делегациянын иш сапарынын максаты Кыргыз Республикасындагы EPS-Topek уюштурулган иш менен камсыз кылуу системасын киргизүү процессине байкоо жүргүзүү болгон.
Иш сапардын жүрүшүндө вице-президент HRD Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине барып, министрдин орун басары Н.С. Базарбаев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандарын Корея Республикасында уюшкан ишке орноштуруу программасын өркүндөтүү боюнча маселелер талкууланды.
Ошондой эле, Ким, Сун Чжэ мырза Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборуна барышып, борбордун директору А.К. Алыбаев менен жолукту.
Иш сапардын жүрүшүндө делегацияга Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Корея Республикасынын Иш менен камсыз кылуу жана эмгек министрлигинин ортосундагы Республикага жумушчу күчүн жөнөтүү/кабыл алуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун жүрүшү көрсөтүлдү. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 175-р буйругу менен бекитилген жумушка орношууга уруксат берүү системасы аркылуу корей тилин билүү үчүн тестирлөө, эмгек келишимин алган абитуриенттерди окууга чейин даярдоо , ошондой эле Кыргыз Республикасынын 42 жаранынан турган топ Корея Республикасына жөнөтүлдү.

Связанный пост