Эмгек министрлиги: Иш менен камсыз кылуу кызматына кайрылган ар бир төртүнчү адам ишке орношту же окууга жөнөтүлдү

 Эмгек министрлиги: Иш менен камсыз кылуу кызматына кайрылган ар бир төртүнчү адам ишке орношту же окууга жөнөтүлдү
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ишке орноштуруу кызматтары тарабынан 2023-жылдын алгачкы төрт айы ичинде 39,8 миң адамга ишке орноштуруу жана кесиптик билим берүү боюнча кеп-кеңештер берилди. Бул тууралуу КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Кайрылган 4,8 миң адам ишке орноштурулган, дагы 3,4 миңи аймактардагы социалдык инфраструктураны жакшыртуу үчүн акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга жөнөтүлдү. Мындан тышкары 2 миң жаран эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге окууга жиберилди. Алар – медайым, компьютер оператору, ашпозчу, косметолог, чач тарач, маникюр, укалоо чеберлери, котормочу, бухгалтер, тигүүчү, айдоочу, электр жана газ менен ширетүүчү, сантехник кесиптери.
Иш менен камсыз болгондордун жалпы саны төрт айдын ичинде 10,2 миң адамды түздү.

Связанный пост