Президент Кытайдын эң ири расмий гезити «Жэньминь жибао» гезитине интервью берди

 Президент Кытайдын эң ири расмий гезити «Жэньминь жибао» гезитине интервью берди

Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасына биринчи мамлекеттик визитинин алдында Кытайдын эң ири расмий гезити «Жэньминь жибао» гезитине интервью берди.

 

Мамлекет башчысынын жоопторунун негизинде кыргыз-кытай достугу жана кызматташтыгы, эки тараптуу мамилелердин азыркы абалы жана алардын келечеги тууралуу макала басылды.

 

http://paper.people.com.cn/rmrb/images/2023-05/17/02/rmrb2023051702.pdf

 

Бул жерде макаланын эркин котормодогу толук тексти:

 

“Достук, ачык жана ишенимдүү эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрөбүз

 

“Кытай-Борбордук Азия” Саммитине катышууну пландаган жана Кытайга мамлекеттик сапар менен келе турган Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, бир күн мурун биздин кабарчыга берген эксклюзивдүү интервьюсунда “Кытай-Борбордук Азия” Саммитине катышуусунан Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар кыл чөйрөдөгү кызматташтыктын мындан аркы терендан аркы тереңдешин күтүп жатканын билдирди.

 

Кытай менен Кыргызстан тоолор менен чектешип, эң жакын кошуналардан болуп жашап келишет. 2000 жылдан ашуун убакыт мурун биздин өлкөлөдүн элдери Улуу Жибек Жолу аркылуу бир-бири менен байланышып, маданий жагынан болобу, турмуш-тиричилик жагынан болобу, бирин бири байытып келишкен.

 

Садыр Жапаров 1992-жыл кыргыз-кытай алакасында бурулуш учур болгонун – заманбап дипломатиялык мамилелердин түзүлүшү менен жаңы барак ачылганын белгиледи. Салыштырмалуу кыска жана тарыхый 31 жыл аралыгында биздин өлкөлөр тең укуктуулук, өз ара сый-урмат менен ишенимге таянган чыныгы ынак коңшулук, достук мамилелерди түзө алышты. Чек ара маселеси эки тарапка тең алгылыктуу шарттарда ийгиликтүү чечилди. Эми биздин бирдиктүү чек арабыз мамлекеттерибизди жана элдерибизди ажыратпай, тескерисинче, жакындатып турат.

 

Эки өлкөнүн ортосундагы саясий, аскердик, экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө, ошондой эле коопсуздук жаатында жемиштүү натыйжалар. Эл аралык аренада Кыргызстан менен Кытай бир-бири үчүн маанилүү маселелерде өз ара колдоо көрсөтүп келе жатат.

 

Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда кандайдыр бир тоскоол жарата турган карама-каршылыктар же чечилбей турган маселелер жок. Эки өлкөнүн ортосунда бардык деңгээлдерде тыгыз байланыш, жемиштүү өз ара аракеттенүү, кызматташтыкты туруктуу өнүктүрүү жолго коюлган. Кытай Кыргызстандын эң маанилүү өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Өз ара түшүнүшүү, достук жана кызматташтык өтө баалуу жана Кыргызстан кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү үчүн күч жумшоого даяр.

 

Өткөн жылы онлайн жана офлайн режимде Төрага Си Цзиньпин менен жемиштүү байланышып турду: Кытай менен Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин жолго коюлушунун 30 жылдыгына арналган январда биргелешип видеосаммитке катышышты, февралда кышкы Пекин Олимпиадасынын ачылышына күбө болушту, сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун Самарканддагы саммитинде кайрадан жолугушту.

 

Садыр Жапаров Төрага Си Цзиньпин өлкөнү башкаруу бай тажрыйбасы, саясий акылмандыгы, адамдык бийик сапаты менен Кытайды ийгиликтүү башкарып, аны өркүндөтүп, Кытайдын эл аралык аренадагы кадыр-баркынын бийиктешине мүмкүнчүлүк түзүүдө.

 

“Си Цзиньпиндин өлкөнү башкаруу тажрыйбасы мага Конфуций канондорундагы акылман башкаруучунун, «асыл адамдын» мүнөзүн эске салат. Мен үчүн президент Си Цзиньпин менен дос болуу чоң сыймык. Мен “Кытай – Борбор Азия” Саммитине катышуу жана Төрага Си Цзиньпин менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүн күтөм”, – деди Садыр Жапаров.

 

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилелердин жаңы сапаттык жана маңыздуу деңгээлине – ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө чыгышы Төрага Си Цзиньпин менен байланышкан.

Садыр Жапаров Төрага Си Цзиньпин менен бирге достук, ачык жана өз ара ишенимге негизделген эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге чыгаруу ниетинде.

 

Садыр Жапаровдун пикиринде, маданий-гуманитардык кызматташтык жана алмашуулар кыргыз-кытай эки тараптуу мамилелердин маанилүү бөлүгү болуп саналып, алар эки өлкөнүн элдеринин байланыштарын өнүктүрүүгө өбөлгө болот.

Акыркы жылдары Кыргызстандан кытайлык жогорку окуу жайларга жаштар жана студенттердин тапшырышы көбөйүп, бул жаатта «ажиотаж» байкалууда.

Кытай жөнүндө билим алуунун булактарын кеңейтүү, тилди, маданиятты, тарыхты, каада-салтты үйрөнүү муктаждыктарын канааттандыруу максатында Кыргызстанда төрт Конфуций институту, ошондой эле ар кандай университеттердин базасында Конфуций класстары жана кыргыз-кытай факультеттери ачылган. Ошол эле учурда кыргыз ЖОЖдорунда окуган кытайлык студенттердин саны көбөйдү. Ал Кыргызстан менен Кытайдын жаштары келечекте эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоодо көпүрө болоруна ишенимин билдирди.

 

Садыр Жапаров башка элдин маданиятын түшүнүүдө адабият менен поэзия чоң роль ойноорун белгиледи. Тан доорундагы улуу кытай акыны Ли Бо Кыргызстанда азыркы Токмок шаарына жакын жайгашкан байыркы Суяб шаарында туулган. Анын ырлары кыргыз тилине которулуп, кытай класстарында окуу куралы катары колдонулуп келет. Ли Бонун чыгармачылыгы бизге кытай элинин жан дүйнөсүн тереңден таанып-билүүгө, анын көп кырдуулугун жана кеңдигин баалоого, өзгөчөлүгүн сезүүгө мүмкүндүк берет. Сандаган кылымдардын бороон-чапкынына, “тоо бузулуп, коо болгон” өзгөрүүлөргө карабастан, биз Ли Бону эскерип, урматтап келебиз. Анын чыгармалары эки элдин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүүгө көмөктөшөт деген ишенимдебиз.

 

Садыр Жапаров кытай окурмандарынын кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына болгон кызыгуусун терең канааттануу менен белгилеледи.Кытай эли азыркы замандын көрүнүктүү жазуучусунун чыгармалары аркылуу Кыргызстан жөнүндө көбүрөөк билет деп ишенет.

 

Садыр Жапаров эл аралык аскердик-саясий оор кырдаал ар бир өлкөдө, аймакта жана бүтүндөй дүйнөдө коопсуздукту, тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылууга багытталган натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу зарыл деп эсептейт. Мындай шартта биз Төрага Си Цзиньпиндин глобалдык өнүгүү, глобалдык коопсуздук жана глобалдык цивилизация боюнча көтөргөн демилгелерин өз убагындагы иш жана актуалдуу.

 

Бул демилгелер мамлекеттердин саясий, экономикалык жана социалдык жактан өнүгүүсүнө, калктын жашоо-турмуш деңгээлин жогорулатууга жана тынчтык жолунда өнүгүп-өркүүндөөсүн камсыздоого багытталган.

 

Садыр Жапаров бир дагы өлкө транс чек аралык кылмыштуулук, баңги аткезчилиги, курал-жарак аткезчилиги, мыйзамсыз миграция сындуу терс көрүнүштөргө жалгыздап каршы тура албасын белгиледи. Жакшы жыйынтыктарга биргелешкен күч-аракет менен гана жетишүүгө болот.

 

Алдыда боло турган “Кытай-Борбор Азия” саммити тууралуу сөз кылып, Садыр Жапаров аймактык маселелер бардык Борбор Азия мамлекеттеринин кызыкчылыгына тиешелүү экенин белгиледи. Учурдагы кырдаал региондун өлкөлөрүнөн саясий байланыштарды чыңдоону, соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүнү, аймактык тынчтыкка, коопсуздукка жана стабилдүүлүккө карата салттуу жана салттуу эмес коркунучтарга жана чакырыктарга биргелешип жооп кайтарууну талап кылууда. Өз ара тыгыз аракеттенүү, көп кырдуу кызматташтыкты өнүктүрүү Кытай-Борбордук Азия форматынын жашоосунун гаранты болуп саналат. Ал “Кытай-Борбордук Азия механизми” тынчтык саясатына өбөлгө түзүүчү жана соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты жигердүү өнүктүрө турган өзгөчөлүктөргө ээ болгон абройлуу аймактык бирикмеге айланат деп эсептейт”.

Связанный пост