Ноокен районунда 50 орундуу төрөт үйү курулуп бүткөрүлдү. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Төрөт үйүнүн курулушу КР Финансы министрлиги аркылуу каржыланып, Ноокен районунун өнүктүрүү Фонду тарабынан ишке ашырылды. Ноокен районунун Кочкор Ата шаарында 2021-жылы жалпы суммасы 57 млн сомдук 50 орундуу төрөт үйүнүн куруу иштери башталып, учурда бүткөрүлүп ишке берилди. Анын […]Читать далее
Бүгүн, 18-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады. Көз карандысыздык сарайында өткөн жолугушууга Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясына мүчө мамлекеттердин парламенттеринин төрагалары да катышты. Жолугушууда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун учурдагы абалы жана анын келечеги […]Читать далее
Жалал-Абад облусунда адам уурдоого тиешеси бар эки жаран кармалды. Бул тууралуу КРнын ИИМ маалымдады. 2023-жылдын май айында ички иштер органдарына криминалдык элементтер ишкерлерди опузалап, коркутуулар болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Ушул жылдын апрель айынын аягында Жалал-Абад облусунун аймагында бир нече адамдар жергиликтүү тургунга күч колдонушуп, анын “Лексус” үлгүсүндөгү унаасына салып, ээн жерге алып кетишкен. Шектүүлөр […]Читать далее
КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан «Каракол» аэропортунун жетекчилигине карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Каракол» аэропортунун кызмат адамдары жеке кызыкчылыгын көздөп, аэропорттун атайын техникасын жана жабдууларын, баалуу металлдарды чыгарып алган адамдарга мыйзамсыз сатып жибергендиги аныкталган. […]Читать далее
Улуттук госпиталда кан тамыр ооруларын диагностикалоо жана дарылоо үчүн заманбап ангиографиялык комплекс пайдаланууга берилди. Бул тууралуу КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Бүгүн, 2023-жылдын 18-майында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Улуттук госпиталда өткөн алдыңкы ангиографиялык комплексти ачуу жана ишке киргизүү аземине катышты. Кан тамыр ооруларын диагностикалоого жана дарылоого арналган жаңы жабдуулар өлкөбүздүн […]Читать далее
Жети-Өгүз районунун Даркан айылында 100 орундуу бала бакчанын пайдубалына капсула салынды. Бул тууралуу Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүктөн маалымдашты. Жаңыдан курулушу башталган билим уясынын түптөлүшүнө Жети-Өгүз район жетекчиси, Даркан айыл аймагынын жетекчилиги, айыл тургундары катышышты. 100 орунга ылайыкташтырылып салынып жаткан бала бача республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы баасы 66 млн. сомдон ашык акча каражаты керектелет. Бакчаны куруу […]Читать далее
Чаек айылындагы күрөш залынын курулушу бүттү. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлиги маалымдады. Машыгуу залы КР Финансы министрлиги аркылуу каржыланып, Нарын облусунун Жумгал районунун өнүктүрүү Фонду тарабынан ишке ашырылды. Долбоордун жалпы суммасы 21,9 млн сомду түзөт. Анын ичинен: – КР Финансы министрлиги аркылуу каржыланган сумма – 18,7 млн сом; – Чаек айылынын өкмөтүнүн өздүк салымы – […]Читать далее
Келечек конушунда 100 орундуу бала бакча курулууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Келечек конушуна бала бакча курууда. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси бир кабатуу, жер участогунун жалпы аянты – 0,44 га, ал эми жайдын аянты-1314,14 чарчы метрди түзөт. Имаратта оюн бөлмөсү, буфет, ашкана, таркатма бөлмө, […]Читать далее
Бишкекте канализациялык коллектордун курулушу уланууда. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. “Бишкек шаарынын суу менен камсыз кылуу жана реабилитациялоо” долбоорунун II фазасынын алкагында канализациялык коллектордун курулушу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Жаңы түтүк шаардын түштүк жана батыш тарабындагы канализация системасын Бишкектеги саркынды сууларды тазалоочу жай менен байланыштырат. Шаардын түштүк-батыш тарабындагы социалдык объектилерди, жеке жана […]Читать далее
Төө-Ашуудагы тоннель аркылуу унаалардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөө киргизилет. Бул тууралуу КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы маалымдады. Төө-Ашуудагы К. Көлбаев атындагы тоннелдин электр чубалгылары алмаштырылып, дубалдарын актап, сырдоо иштери жүрөт. Мындан улам 19-майдан тарта аталган тоннель аркылуу унаардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөө киргизилип турат. Ага ылайык, эртең мененки саат 05:00дон 08:00го чейин, 10:00дон 12:00го чейин, […]Читать далее