Кыргызстанда COVID-19га каршы 2,3 млн доза вакцина калды

 Кыргызстанда COVID-19га каршы 2,3 млн доза вакцина калды

Кыргызстанда COVID-19га каршы 2,3 млн доза вакцина калды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Жалпысынан Кыргызстанга COVID-19га каршы 6 млн 168 200 доза вакцина келген жана сатып алынган . Анын ичинен 3 млн 571 443 доза пайдаланылган.
Жарактан чыгарылганы: 267 578 доза, калганы: 2 млн 329 179 доза.

Алардын ичинен:

Республикалык бюджеттен – 2 млн 460 миң доза
• Спутник V – 110 миң доза
• Sinopharm – 2 млн 350 миң доза.

COVAX – 1 млн 428 миң доза
• Moderna – 216 миң доза
• Sinopharm – 298 800 доза
• AstraZeneca – 454 560 доза
• Pfizer – 458 640 доза.

Гуманитардык жардам – 2 млн 280 200 доза
• Спутник V – 10 миң доза
• QazVac – 25 миң доза
• AstraZeneca – 95 200 доза
• SinoVac – 150 миң доза
• Спутник Lite – 200 миң доз
• Sinopharm – 1 млн 800 миң доз.

*Августта COVAX механизминин алкагында 100 629 доза Pfizer вакцинасынын келиши күтүлүүдө.

«Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанды вакциналардын бардык түрү менен өз убагында камсыздай алган, анткени министр калктын тандоого мүмкүнчүлүгү болсун деген милдетти койгон. Бул вакциналар абдан кымбат, алар бизге жөн гана учак менен келип калбайт. Биз көп иштерди аткардык, COVAX механизмине катышуу үчүн өлкөнүн бир жылдык милдеттенмелерин аткардык. Биз өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрү жана ресурстары бар экенин, саламаттыкты сактоо уюмдарында муздаткыч жабдуулар жетиштүү экенин, кыйыр көрүнүштөрдүн алдын алуу жана вакциналардын сакталышын көзөмөлдөө жүргүзүлүп жатканын далилдедик. Калкты ар кандай вакциналардын түрлөрү менен камсыз кылуу боюнча канча иштер аткарылганын эске алып, жарандарыбызды өз убагында эмдөөдөн өтүүгө чакырабыз. Анткени, бардык аракеттер жарандарыбыздын ден соолугун коргоого, сактоого жана чыңдоого багытталган», – деди КР ССМнын Иммундук алдын алуу республикалык борборунун директору Гүлбара Ишенапысова.

Связанный пост