Оштун мэри ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары менен жолугушту

 Оштун мэри ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары менен жолугушту

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары Кайрат Абдрахманов менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мэр өз сөзүндө Кайрат Абдрахмановду жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады. Ага улай көп улуттуу элдин ынтымагын жана биримдигин чыңдоо, “Кыргыз жараны” программасынын алкагында шаарда жүргүзүлүп жаткан иштерге жана багыттарга токтолду.

“Улуттар аралык ынтымакты, коомдо тынчтыкты жана биримдикти чыңдоо, жашаган этностордун маданиятын, каада-салтын сактоого көмөк көрсөтүү боюнча иш-чаралардын алкагында Кыргызстан элинин ассамблеясынын Оштогу бөлүмү менен биргеликте бир топ иштер аткарылып жатат. Алардын базасында 14 улуттук маданий борборлор иштейт”, – деди Мамбетов.

ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары Кайрат Абдрахманов өз кезегинде Ош шаарында этностор аралык мамилелерди өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерди жогору баалап, бул багыттагы долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

А.Мамбетов Жогорку комиссардын аппаратына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

Ошондой эле Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Ош шаарындагы бөлүмүнүн бардык улуттук маданий борборлорунун жетекчилери менен жолугушуу жана пикир алмашуу болду.

Связанный пост