Коом

Садыр Жапаров улуттук коопсуздук органынын жаңы имаратынын ачылышына катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-августта, улуттук коопсуздук органынын жаңы имаратын салтанаттуу түрдө ачты. Садыр Жапаров иш-чарага чогулгандардын алдында сүйлөп жатып, учурда мамлекетти өнүктүрүү менен катар өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Улуттук коопсуздук органынын материалдык-техникалык базасын чыӊдоого, чекисттердин кызмат өтөөсүнө зарыл шарттарды түзүүгө, алардын айлык акыларын жогорулатууга жана турак жай менен камсыз кылууга зарыл […]Читать далее

Саясат

Эдил Байсалов Бахрейнден келген делегацияны кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бахрейндин банк иши жана финансы институтунун директору Ахмед Аль-Шейх жетектеген Бахрейн Королчулугунун делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инвестициялык, соода-экономикалык, айыл чарба, энергетика, саламаттыкты сактоо жана туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары республиканын туристтик мүмкүнчүлүгүн […]Читать далее

Коом

Москва жана Сокулук райондорунда мамлекеттик орган жетекчилери эл менен жолугушту

Чүй облусунун Москва жана Сокулук райондорунда мамлекеттик органдардын жетекчилеринин калк менен жолугушуусу болуп өттү. Белгилей кетсек, жолугушууларга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев, Чүй облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев, ошондой эле тармактык министрлик жана ведомстволордун өкүлдөрү катышууда. Бакыт Төрөбаев белгилегендей, жолугушуулардын жүрүшүндө жарандар акысыз […]Читать далее

Экономика

6 айда ККМ колдонгон компаниялардын түшкөн каражаты 698 млрд сомду

Кыргызстанда ушул жылдын 6 айында контролдук-кассалык машиналарды колдонгон компаниялардын соодадан түшкөн каражаты 698,1 млрд сомду түздү. Мамлекеттик салык кызматынан билдиргендей, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 351,8 млрд сомго көп. Өсүү темпи 201,6 %ды түздү. Белгилей кетсек, 2022-жылдын башынан бери жыйырма миңден ашуун субъекттер контролдук-кассалык машиналар менен иштөөгө өтүштү. Жалпысынан бүгүнкү күндө өлкө боюнча 52 […]Читать далее

Коом

Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги менен Жашыл каржылоо борбору кызматташат

Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттиги менен Жашыл каржылоо борбору (GFC Bishkek) кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту. Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар “Бишкек – 2026. Көрктөндүрүлгөн жана жашыл шаар” Бишкек шаарынын өнүктүрүү Программасынын алкагында, Бишкек шаарында жашыл каржылоону өнүктүрүү боюнча тиешелүү бизнес-консультацияларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзүү жана натыйжалуу жыйынтыктарга жетишүү, эл аралык каржылоо […]Читать далее

Коом

“Тазалык” кызматкерлери фонтандарды жууп тазалоодо

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор калаадагы фонтандарды жууп тазалоодо. Азырыкы тапта жаштар аллеясындагы, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын, Тарых музейинин алдындагы, «Ала-Тоо» аянтындагы фонтандар жуулуп жатат. Ошондой эле, “Күн балыктары”, “Алтын Балыктар” фонтан комплекстери да унутта калган жок. Тазалоо иштерине жалпы 10 жумушчу жана 3 атайын техника тартылган. Күн сайын адистер фонтандардын ичтериндеги жалбырактарды, ар […]Читать далее

Саясат

Бишкек шаардык дезинфекциялык станциясына жаңы директор дайындалды

Бишкектин социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозачева Шаардык дезинфекциялык станциясынын жамаатына жаңы директорду тааныштырды. Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун буйругуна ылайык дезинфекциялык станциянын жетекчиси болуп Кулов Бакай Кемелбекович дайындалды.Читать далее

Саясат

Дайырбек Орунбеков президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматын жетектейт

Дайырбек Орунбеков президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.Читать далее

Медицина

Казакстанда акыркы суткада 2661 адамдан коронавирус табылды

Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 661 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет. Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 949, Алматы шаарында – 446, Шымкент шаарында – 51, Акмоло облусунда – 101, Актөбе облусунда – 70, Алматы облусунда – 77, Жетысу облусунда – 57, Атырау облусунда – 44, Чыгыш-Казакстан облусунда –28, […]Читать далее

Коом

Аксыда кичи ГЭСтин курулушу башталды

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Тосту айылынын Сай-Конок тилкесинде кубаттуулугу 500 кВт болгон кичи ГЭСтин курулушу башталды. Курулуп жаткан кичи ГЭСти 2022-жылдын декабрь айында пайдаланууга берүү пландалууда. Курулуш иштерине кыргызстандык Нурланбек Ормонов инвестиция салган. Курулуштун сметалык баасы 720 миң АКШ долларын түзөт.Читать далее