Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги менен Жашыл каржылоо борбору кызматташат

 Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги менен Жашыл каржылоо борбору кызматташат

Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттиги менен Жашыл каржылоо борбору (GFC Bishkek) кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар “Бишкек – 2026. Көрктөндүрүлгөн жана жашыл шаар” Бишкек шаарынын өнүктүрүү Программасынын алкагында, Бишкек шаарында жашыл каржылоону өнүктүрүү боюнча тиешелүү бизнес-консультацияларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзүү жана натыйжалуу жыйынтыктарга жетишүү, эл аралык каржылоо уюмдары жана фонддору менен өз ара аракеттенүү, жашыл каржылоо инвестиция тармагында билим жана тажрыйба алмашуу аркылуу көмөк көрсөтүү боюнча келишимге келишти.

Жашыл долбоор үч багыттын бирине ылайык келиши керек – климаттын өзгөрүшүнө жол бербөө (көмүртектин чыгышын азайтуу), жаратылыш ресурстарын жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, Бишкек шаарынын булганышынын деңгээлин азайтуу.

Жашыл каржылоо жаратылышты, экологияны жана айлана-чөйрөнү жакшыртууга багытталган муниципалдык жашыл облигацияларды чыгарууну кошкондо, экономикалык ишмердиктеги акчалай жардамды жана колдоону билдирет.

Связанный пост