“Тазалык” кызматкерлери фонтандарды жууп тазалоодо

 “Тазалык” кызматкерлери фонтандарды жууп тазалоодо

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор калаадагы фонтандарды жууп тазалоодо.
Азырыкы тапта жаштар аллеясындагы, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын, Тарых музейинин алдындагы, «Ала-Тоо» аянтындагы фонтандар жуулуп жатат.

Ошондой эле, “Күн балыктары”, “Алтын Балыктар” фонтан комплекстери да унутта калган жок.

Тазалоо иштерине жалпы 10 жумушчу жана 3 атайын техника тартылган. Күн сайын адистер фонтандардын ичтериндеги жалбырактарды, ар кандай таштандыларды чогултушат. Андан кийин мотор, насосторунун иштешин текшеришет. Жай мезгилинде фонтандардын иштешинде кѳйгѳй жаралса, дароо оңдолот, ал эми кышында капиталдык оңдоо жүргүзүлѳт.

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын балансында 16 фонтан бар.

Связанный пост