Москва жана Сокулук райондорунда мамлекеттик орган жетекчилери эл менен жолугушту

 Москва жана Сокулук райондорунда мамлекеттик орган жетекчилери эл менен жолугушту

Чүй облусунун Москва жана Сокулук райондорунда мамлекеттик органдардын жетекчилеринин калк менен жолугушуусу болуп өттү.

Белгилей кетсек, жолугушууларга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев, Чүй облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев, ошондой эле тармактык министрлик жана ведомстволордун өкүлдөрү катышууда.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, жолугушуулардын жүрүшүндө жарандар акысыз юридикалык жардамга кайрылып, тийиштүү консультацияларды алууга мүмкүнчүлүк алат.

Эки райондун тургундары социалдык-экономикалык көйгөйлөргө токтолуп, бала бакчаларды куруу, ооруканаларды, спорт аянтчаларын оңдоо, калкты ичүүчү таза суу, жер ресурстары менен камсыз кылуу зарылдыгын айтышты. Мындан тышкары, укук коргоо жана прокуратура органдарынын ишмердүүлүгү боюнча кайрылуулар болду.

Связанный пост