Коом

Боом капчыгайында жол Бишкекке карай бир тараптуу ачылды

Боом капчыгайында жол бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Такталган маалымат боюнча, саат 16:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайында тоодон түшкөн сел суулары Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 136-чакырымы жана 138-чакырым аралыктарында эки тилкеден сел суулары түшүп, жол убактылуу жабылган. Учурда облустарды бириктирген жол бир тараптуу […]Читать далее

Коом

Боом капчыгайында кайрадан сел жүрүп, каттам эки тараптуу жабылды

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 136-чакырымында (Боом капчыгайы) болжол менен саат 16:30дар чамасында кайрадан сел жүрдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, каттам эки тараптуу убактылуу жабылды. Учурда тазалоо иштери жүрүүдө. Министрлик айдоочуларга убактылуу жолго чыкпай турууну сунуштайт.Читать далее

Коом

Балыкчы шаарында ЖККУнун “Кобальт-2022” машыгуусу аяктады

Бүгүн, 5-августта Балыкчы шаарындагы “Эдельвейс” окуу борборунда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун “Кобальт-2022” атайын-тактикалык машыгуулары аяктады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, машыгуунун жүрүшүндө уюмга мүчө мамлекеттердин атайын багыттагы бөлүмдөрү бандалык жол-жоболорду, террористтик топторду издөө, бөгөт коюу жана жок кылуу, ошондой эле баңгизаттардын контрабандалык каналдарын жабуу жана баңги заттарды сактоо жана […]Читать далее

Саясат

Садыр Жапаров өлкөнүн сот системасын санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-августта Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна барды. Мамлекет башчысына Кыргызстандын сот системасын санариптештирүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берилди. Атап айтканда, судьяларга иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүүнү камсыз кылган маалыматтык системалар, сот отурумдарын автоматтык түрдө дайындоо, соттордун курамын түзүү жана башкалар жөнүндө айтылды. Мындан тышкары, Президентке аткаруу өндүрүшүнүн бизнес-процесстерин автоматташтыруу, сот иштерин жана […]Читать далее

Коом

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу. Кыргызстанга Кытайдан 80 адис келди

Кыргызстанга Кытайдан 80 адис келди, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курууга даярдык иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 4-августта министр Эркинбек Осоев улук инженер Гэнг Джун башында турган Кытайдын темир жол куруу корпорациясы институтунун өкүлдөрү менен жолуккан. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар темир жол куруу тармагында иштер […]Читать далее

Коом

Таштанды челектери тазаланып, сырдалууда

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таштанды салынуучу челектерди жууп, дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүдө. Алсак, Биринчи май району боюнча 863 челек жана 86 алар турган аянт жуулуп дезинфекцияланган; Ленин районунда 620 таштанды челеги жана 92 аянтча; Свердлов районунда 785 таштанды челек жана 114 алар турган аянтча тазаланып, дезинфекциядан өткөн. Андан соң таштанды челектери жана аянтчалар сырдалган. Мындан тышкары, […]Читать далее

Медицина

Казакстанда акыркы суткада 2579 адамдан коронавирус табылды

Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 579 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет. Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 733, Алматы шаарында – 430, Шымкент шаарында – 29, Акмоло облусунда – 104, Актөбе облусунда – 52, Алматы облусунда – 50, Жетысу облусунда – 100, Атырау облусунда – 46, Чыгыш-Казакстан облусунда –21, […]Читать далее

Саясат

Садыр Жапаров: Сот реформасындагы эң маанилүү кадам бул – сот

«Сот реформасындагы негизги жана эң маанилүү кадам бул – судьялардын кынтыксыз иштешин, сот тутумунун ишмердүүлүгүнүн жогорку сапатын камсыз кылуу менен элдин үмүт-тилегин актоо», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-августта, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна барып, судьялар менен жолугушуусунда. Мамлекет башчысы сот системасын реформалоодогу чечкиндүү кадамдардын бири судьяларды ротациялоо болгонун белгиледи. «Мындай масштабдуу […]Читать далее

Коом

Улуттук энергохолдинг энергокомпанияларда ротация жүргүзүүдө

Энергетикалык компанияларды башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында Улуттук энергохолдинг ишканасы жогоруда аталган тармакта ротациялоо иштерин жүргүзүүдө. Компаниянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, орун алмаштыруу иштери бөлүштүрүүчү энергокомпанияларынын башкы директорлоруна тийиштүү болду. Андан сырткары, 57 РЭТтин жана электр энергиясын таратуу ишканасынын 6 башчысы иш орундарын алмаштырып, мындан ары ишмердүүлүгүн башка облустардан улантышат. Жетекчилик кызматка дайындоодо […]Читать далее

Экономика

Баалуу металлдарды жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын ташып чыгууга

Министрлер Кабинетинин чечими менен Кыргыз Республикасынан ЕАЭБ ТЭИ ТН 7204 коду менен классификациялануучу кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихт куймаларын) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө тыюу салынды. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине расмий жарыялангандан тартып жети күн өткөн соң күчүнө кире […]Читать далее