Баалуу металлдарды жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

 Баалуу металлдарды жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Министрлер Кабинетинин чечими менен Кыргыз Республикасынан ЕАЭБ ТЭИ ТН 7204 коду менен классификациялануучу кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихт куймаларын) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө тыюу салынды.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине расмий жарыялангандан тартып жети күн өткөн соң күчүнө кире турган ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен убактылуу тыюу салынгандыгы жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте кабарлоосу тапшырылды.

Министрлер Кабинетинин башка чечими менен баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарларды 500 кг ашык эмес көлөмдө Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө сандык чектөө киргизилди.

Экономика жана коммерция министрлигине ушул токтомго кол коюлган күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына аталган убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги тууралуу белгиленген тартипте кабарлоосу тапшырылды,  токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Связанный пост