Улуттук энергохолдинг энергокомпанияларда ротация жүргүзүүдө

 Улуттук энергохолдинг энергокомпанияларда ротация жүргүзүүдө

Энергетикалык компанияларды башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында Улуттук энергохолдинг ишканасы жогоруда аталган тармакта ротациялоо иштерин жүргүзүүдө.

Компаниянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, орун алмаштыруу иштери бөлүштүрүүчү энергокомпанияларынын башкы директорлоруна тийиштүү болду. Андан сырткары, 57 РЭТтин жана электр энергиясын таратуу ишканасынын 6 башчысы иш орундарын алмаштырып, мындан ары ишмердүүлүгүн башка облустардан улантышат.

Жетекчилик кызматка дайындоодо башчылардын иш тажрыйбасы, квалификациясы, ошондой эле алдыга койгон ишти аткаруу көрсөткүчү эске алынды.

Кадрларды ротациялоо компаниялардын аймактардагы филиалдарын өнүктүрүүдө оң натыйжасын берет деген ишеним бар: божомолдонгон коррупциялык иштердин алдын алууга, кадр саясатын жакшыртууга, жеке кызыкчылыктардын, тааныш-билиш аркылуу кызматка көтөрүлүүнүн тамырын кыркып, кызмат орундарындагы эски, көнүмүш ыкмаларды өзгөртүүгө жардам берет.

Белгилей кетсек, энергетика тармагында кадрдык ротация уланып, бардык энергетикалык компанияларда жүргүзүлөт.

Связанный пост