Боом капчыгайында жол Бишкекке карай бир тараптуу ачылды

 Боом капчыгайында жол Бишкекке карай бир тараптуу ачылды

Боом капчыгайында жол бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Такталган маалымат боюнча, саат 16:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайында тоодон түшкөн сел суулары Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 136-чакырымы жана 138-чакырым аралыктарында эки тилкеден сел суулары түшүп, жол убактылуу жабылган.

Учурда облустарды бириктирген жол бир тараптуу ачылды.

Жерине маалыматты тактоо жана тазалоо иш-чараларына көмөк көрсөтүү максатында ӨКМдин Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында нөөмөттө турган 4 куткаруучу жана №32 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган.

Жолдун абалы боюнча кошумча маалымат берилет.

Связанный пост