Боом капчыгайында кайрадан сел жүрүп, каттам эки тараптуу жабылды

 Боом капчыгайында кайрадан сел жүрүп, каттам эки тараптуу жабылды

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 136-чакырымында (Боом капчыгайы) болжол менен саат 16:30дар чамасында кайрадан сел жүрдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, каттам эки тараптуу убактылуу жабылды. Учурда тазалоо иштери жүрүүдө.

Министрлик айдоочуларга убактылуу жолго чыкпай турууну сунуштайт.

Связанный пост