Таштанды челектери тазаланып, сырдалууда

 Таштанды челектери тазаланып, сырдалууда

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таштанды салынуучу челектерди жууп, дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүдө.

Алсак, Биринчи май району боюнча 863 челек жана 86 алар турган аянт жуулуп дезинфекцияланган;
Ленин районунда 620 таштанды челеги жана 92 аянтча;
Свердлов районунда 785 таштанды челек жана 114 алар турган аянтча тазаланып, дезинфекциядан өткөн.

Андан соң таштанды челектери жана аянтчалар сырдалган.

Мындан тышкары, таштанды салынуучу челектердин дөңгөлөктөрү оңдолду:
– Ленин районунда 38 челек;
– Биринчи май району боюнча 56 челек;
– Свердлов району боюнча 43 челек;

Связанный пост