Аймак

Таластын Көк-Сай айылында курулушу 2017-жылы башталган бала бакча быйыл колдонууга

Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Көк-Сай айылында 140 орундуу бала бакча курулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги кабарлайт.   Аталган балдар бакчасынын курулушу 2017-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоор боюнча имарат эки кабаттан турат, жалпы аянты 1480,9 чарчы метр.   Курулуш иштерин 2024-жылдын 1-жарым жылдыгында аяктап, ишке берүү пландалууда.Читать далее

Президент

Жарандардын ден соолугун тамекини колдонуунун кесепеттеринен коргоо. Айрым мыйзам актыларына

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 25-январында кабыл […]Читать далее

Коом

Казакстан Кыргызстанга гумжардам катары 2 миң тонна дизель берди

Казакстандан Кыргызстанга гуманитардык жардам келди, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы.   Маалыматка ылайык, Бишкек Жылуулук электр борборундагы буга чейинки авариялык кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштерине колдоо көрсөтүү үчүн Казакстан 2 миң тонна дизель отунун жөнөттү.   1 миң тонна дизель түрүндөгү гуманитардык жардамдын биринчи партиясы 28-февралда Казакстандын “Резерв” Республикалык мамлекеттик ишканасынын “Заря” филиалынан жөнөтүлгөн. […]Читать далее

Uncategorized @kg Коом

Бишкекте автобустар үчүн газ куюучу жай ачылды

“Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы” Муниципалдык ишканасынын автобазасында жаңы автобустар үчүн газ куюучу станция иштей баштады. Станциянын автобазанын аймагында жайгашканы айдоочулар үчүн бир катар артыкчылыктарды жаратты. Станцияга баруу жана кезек күтүү чыгымдары азайды.Айдоочулар маршруттан келгенден кийин дароо автобустарга май куюп, эртеңки маршрутка даяр кылып калтырышат. Күнүнө 100 автобуска газ толтурууга кубаты жетет. Жакында кубаттулук дагы […]Читать далее

Коом

Борбор калаанын түндүгү именен түштүгүн байланыштырган жаңы жолдор пайда болот

Бишкек шаарында Ахунбаев көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисин бириктирген жаңы үч жол пайда болот. Алар 7-апрель, Ж. Абдрахманов жана Ч. Айтматов проспектилерине альтернатива катары долбоорлонду. Ага ылайык Ю. Фучик, А. Бакаев жана А.Сүйүмбаев көчөлөрүн темир жол аркылуу Л. Толстой көчөсүнө чыгаруу пландалууда. Учурда аталган тилкелерде даярдык жумуштары башталды. Мисалы, Кара-Дарыя жана А.Сүйүмбаев көчөлөрү темир жол аркылуу […]Читать далее

Экономика

2024-2029-жылдарга карата инвестициялык саясатты өнүктүрүү стратегиясынын долбоору иштелип чыкты

КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик 2024-2029-жылдарга карата инвестициялык саясатты өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыкты. Ал узак мөөнөттүү документ. Бул тууралуу агенттиктин директору Талантбек Иманов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, документте айыл чарбасын өнүктүрүүгө, энергетика секторуна жана энергиянын кайра жаралуучу булактарына, өнөр жайга, туризмге, тоо-кен тармагына, маалыматтык технологиялар секторуна, инновацияларга жана инфраструктураны модернизациялоого […]Читать далее

Коом

“Эне жана баланы коргоо – IV-V” долбоорунун алкагында 12,5 млн

“Эне жана баланы коргоо – IV-V” долбоорунун алкагында 12,5 млн еврого перинаталдык борбор курулган. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 2024-жылы “Эне жана баланы коргоо – IV-V” долбоорунун алкагында Германия өнүктүрүү банкынын 12,5 млн евро гранттык каражаттарынын эсебинен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда перинаталдык борбор ачылган. Борбор патологиясы бар кош бойлуу […]Читать далее

Коом

КТЖ эскирген ысытуу лампаларын заманбап светодиоддук лампаларга алмаштыруунун эсебинен 2

Темир жол объекттериндеги эскирген ысытуу лампаларын заманбап светодиоддук лампаларга алмаштыруу электр энергиясын жылына 2 миллион сомго жакын үнөмдөөгө алып келди. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин басма сөз кызматы маалымдады. «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин негизги иши күнү-түнү жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, багажды, жүк-багажды ташуу болуп саналат. Жол кыймылынын жана ташылган жүктөрдүн коопсуздугун сапаттуу камсыздоо, адамдардын […]Читать далее

Билим

“Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында 40 миңге жакын педагог

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында пилоттук 1200 мектептеги 39 миң 410 педагогду окутту. Дагы 20 миңдей мугалим тренингден өтөт. Педагогдордун кесиптик көндүмдөрүн жогорулатууга багытталган иш чаралар 2023-жылы башталган. Азыркы учурга келип окутулган мугалимдердин саны төмөндөгүдөй: * “Санариптик сабаттуулук” программасы боюнча – […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров БУУнун Өнүктүрүү Программасынын делегациясы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨП) администраторунун жардамчысы, БУУӨПтүн Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча Регионалдык бюросунун директору Ивана Живкович менен жолугушту. Акылбек Жапаров Кыргызстандын БУУӨП менен тыгыз өнөктөштүгүн жана уюмдун өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча реформаларды жана программаларды колдоорун белгиледи. Улуттук […]Читать далее