Экономика

Быйыл кыргызстандыктар банктардан 477,7 млрд сом насыя алган

Жыл башынан бери банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү 40,2 пайызга өсүү менен 477,7 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, банк секторунун суммардык активдери 38 пайыз өсүү менен 1 125,2 млрд сомду, ал эми кардарлардын жалпы депозиттик базасы 35 пайызга өсүп, 800 млрд сомду түздү. Ошондой эле […]Читать далее

Коом

“Менин шаарым” тиркемеси эми 5 шаарда жеткиликтүү болду

Санариптик технологиялар борбору Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен биргеликте “Менин шаарым” мобилдик тиркемесинин функционалдык мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, учурда коомдук транспорттун кыймылын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөө функциясы Ош, Кант, Манас, Талас жана Токмок шаарларында жеткиликтүү болду. Бул кызмат шаар тургундарына жана конокторуна маршруттар жана коомдук транспорттун жүрүшү тууралуу актуалдуу маалымат алууга […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда бир айда 26 үй-бүлө баштапкы төлөмү жок үй сатып

Бир айда 26 үй-бүлө “Келечек” продуктунун жардамы менен өз турак жайына ээ болду. Бул тууралуу Кепилдик фондунан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул продукт алгачкы төлөмгө каражат жетишпеген жарандар үчүн натыйжалуу колдоо куралы катары калк арасында барган сайын популярдуулукка ээ болууда. 17-декабрга карата “Келечек” ипотекалык продукту ишке киргизилгенден бери жалпы суммасы 94,2 млн сомдон ашкан 78 кепилдик […]Читать далее

Саясат

Ош жана Худжанд шаарларында Башкы консулдуктар ачылат

Бүгүн Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода менен жолугушту. ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар консулдук чөйрөдөгү кыргыз-тажик кызматташтыгынын кеңири маселелерин, анын ичинде эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын Ош жана Худжанд шаарларында Башкы консулдуктарды түзүү боюнча тапшырмаларын ишке ашырууну талкуулашты. Ошондой эле эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлө […]Читать далее

Экономика

2030-жылга чейин Ысык-Көлдө 66 кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүү деңгээлин 25 пайызга чейин жеткирүүнү көздөп, өлкө боюнча жалпы 385 кайра иштетүү ишканасын түзүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына караганда, анын алкагында Ысык-Көл облусунун өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгынын потенциалына жасалган талдоонун негизинде 6 соода-логистикалык борборду (СЛБ) жана […]Читать далее

Аймак

Чүй облусунда жер титиреди

Бүгүн түнкү саат 03:03тө Чүй облусунун аймагында жер титиреди. Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн күчү очогунда 3 балл болгон. Жер титирөөнүн очогу Кашка-Суу айылынан түштүк-батышка карай 22 чакырым, Бишкек шаарынан түштүк-батышка карай 45 чакырым аралыкта жайгашкан.Читать далее

Коом

Коюу тумандан улам 15 учак башка шаарларга жөнөтүлдү

Бүгүн эртең менен коюу тумандан улам “Манас” аэропортуна келе жаткан 15 учак башка шаарларга жөнөтүлдү. Бул тууралуу аэропорттон билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен 7 учак Ысык-Көл эл аралык аэропортуна, 3 учак Ташкентке, бешөө Алматыга жөнөтүлгөн. “Болжол менен 08:30дарга карата абал турукташып, учурда учуп-конуу үчүн аэропорт толук ачылды. Башка шаарларга жөнөтүлгөн каттамдар Бишкекке кайтууда”, – деп […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров карды жиреп мектепке барган окуучу Нурзаман Алмазбековду кабыл

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-декабрда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылындагы “Айды-Көл” башталгыч мектебинин 4-классынын окуучусу Нурзаман Алмазбековду кабыл алды. Буга чейин социалдык тармактарда 4-класстын окуучусунун дээрлик бир метрге жеткен калыңдыктагы карды жиреп мектепке баратканы тууралуу видео тараган. Президент да бул видеону көрүп, кичинекей окуучунун ушундай оор шартта билимге умтулуусун жогору баалады. Ал Нурзаманды президенттик […]Читать далее

Коом

Екатеринбургда камакта жаткан 15 кыргызстандык жакында өлкөгө кайтарылат

Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугунун кызматкерлери Россиянын Ички иштер министрлигинин Екатеринбург шаары боюнча башкармалыгынын Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборуна барышты. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, борбордо учурда Кыргызстандын 40 жараны кармалып турат. Консулдуктун кызматкерлери алар менен жолугуп, юридикалык кеңештерди беришти. Кармалган жарандардын ичинен 15и жакынкы арада аба каттамдары аркылуу Кыргызстанга жөнөтүлөт. Башкы консулдукка “Асбестовский” бөлүмүндө […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеште тармактык комитеттердин төрагалары шайланды

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттары бүгүн, 17-декабрдагы жыйында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо маселесин карашты. Депутаттык топтор тармактык комитеттердин төрагаларынын кызмат орундарына шайлоо үчүн өздөрүнүн талапкерлерин көрсөтүштү. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Жогорку Кеңештин төмөнкү депутаттары комитеттердин төрагалары болуп шайланды: – Курманкул Зулушев Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча […]Читать далее