Израиль мамлекети менен Ирандын ортосундагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарына кырдаал толук турукташканга чейин Израилге баруудан баш тартууну сунуштайт. Ведомствонун маалыматында Израилдин аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарына жогорку деңгээлде этият болуу жана коопсуздук чараларын сактоо сунушталат. Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда жарандар төмөнкү байланыш номерлери аркылуу кайрылса болот: 1. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги: +905456896800; […]Читать далее
Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы түз аба каттамын ачуу маселеси талкууланды. Маселе элчи Нурлан Токобаевдин Кувейттин улуттук авиакомпаниясы болуп саналган Kuwait Airways компаниясынын төрагасы Абдулмухсин Салим Альфакан менен жолугушуусунда көтөрүлдү. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, элчи Нурлан Токобаев кыргыз тарап бул багыттагы кызматташтыкты илгерилетүүгө толук даяр экенин жана кызыкдарлыгын билдирди. Өз кезегинде Абдулмухсин Салим Альфакан Kuwait […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-июнда, Бишкек шаарында “Алга” спорт комплексинин ачылыш салтанатына катышты. Иш-чаранын алдында Мамлекет башчы жаңы спорт комплексинин инфратүзүмү, анын ичинде күрөш жана машыгуу залдары, кийим алмаштыруучу бөлмөлөрү, административдик имараттары, ошондой эле 142 орундуу мейманканасы менен таанышты. Ал ошондой эле дене тарбия-ден соолук чыңдоочу комплексин, машыгуу аянтчаларын, көп функциялуу спорт аянттарын, […]Читать далее
Бишкек – Ош жолунун 400-чакырымындагы туннелдин курулушун баштоонун расмий аземи 19-июнда болот. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) “Негизги эл аралык жолдорду жакшыртуу” кредиттик программасынын алкагында ишке ашырылууда. 750 метр узундуктагы туннелдин курулушу өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген стратегиялык автожолдун коопсуздугун жогорулатуу үчүн маанилүү инженердик […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Израиль менен Ирандын ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирди. «Кыргызстан эки тарапты тең максималдуу сабырдуулукка чакырып, түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн аймактагы кырдаалдын мындан ары курчушуна алып келе турган аракеттерден алыс болууга чакырат», — деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө. Белгилей кетсек, буга чейин министрлик Ирандагы […]Читать далее
Өлкөдө бөйрөк оорусунан жабыркаган бейтаптардын саны 4 миңден ашуун. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты бөлүмүнүн башчысы Нургүл Ибраева билдирди. Анын айтымында, негизи бөйрөк өзүнүн функциясын аткарбай, 5-тепкичтеги өнөкөт бөйрөк оорусу менен жабыркаган бейтаптар көп. Бул бейтаптардын баары бөйрөктөрү өзүнүн функциясын аткарбай калганда гемодиализ алышат. “Бүгүнкү күндө […]Читать далее
Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагындагы иш-чаралардын жүрүшүндө КРнын агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов Кытайдын илим жана технологиялар министринин орун басары Чэн Цзячан менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, жолугушууда тараптар илим, технология жаатындагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Чэн Цзячан ШКУнун жана илим-технология боюнча биргелешкен комиссиянын алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, бул […]Читать далее
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 1,4 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 2007-жылы Кичи-Жаргылчак айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги 1,4 гектар жерди Жети-Өгүз районунун тургунунун жеке менчигине, алма багы отургузулду деген шылтоо менен өткөрүп беришкени аныкталган. Бирок, жеке менчикке өткөн учурда жана ушул күнгө чейин бул жер […]Читать далее
Кийинки жылы балдарды мектепке каттоо эрте башталат. Бул тууралуу агартуу министринин орун басары Лира Самыкова билдирди. Анын айтымында, быйыл балдарды мектепке каттоо учурунда системага катталган ата-энелердин санынын көп болушунан улам системага 1-2 саат күч келген учур катталган. “Мисалы, бир эле убакта 50 000ге жакын ата-эне балдарды каттоого аракет кылып жатты. Ошондуктан эмдиги жылы мындай болбосун […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы Жогорку Кеңеште салык төлөөчүлөргө калктын жана ишкерлердин салык жүгүн жеңилдетүүгө багытталган мыйзам долбоору каралып жаткандыгын маалымдайт. Ведомстводон маалымдашкандай, долбоордо төмөнкү чаралар камтылган: транспорт каражаттарына салынуучу салыкты жоюу жана тиешелүү түрдө андан бошотуу; айыл чарба жерлерине жеңилдиктер; текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салуу; карыздарды кечүү; айрым учурларда салыктык карыздарды кечүү; салыктык карызы бар жарандардын өлкөдөн […]Читать далее