Жогорку Кеңеш

ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев Монголияга расмий сапар менен жөнөп кетти

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев 23-апрелде Монголия мамлекетине расмий сапар менен жөнөп кетти.   Расмий сапардын алкагында Төрага Нурланбек Шакиев Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Улуу Мамлекеттик Хуралынын (парламентинин) Төрагасы Гомбожавын Занданшатар жана Премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ баштаган жетекчилер менен жолугушат.   Муну менен катар «Кыргыздардын Чыңгызхан жана анын урпактары менен тарыхый байланыштары», ошондой эле […]Читать далее

Аймак

Кыргызстандын төрт облусунда нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрдү

Күн мурун катуу жааган жаандан улам Жалал-Абад, Баткен, Ош жана Талас облустарынын аймагында сел жүрүп, Ноокен районунда 300гө жакын түтүн эвакуацияланган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Бүгүн таң эрте өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүнүн сел жүргөн аймактарын жеринен көрүп, ыкчам чараларды кабыл алуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды койду. […]Читать далее

Коом

Башкы прокуратура 4 айлык баланын өлүмү боюнча текшерүү жүргүздү

Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасы тарабынан Бишкек шаарындагы балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборунда төрт айлык ымыркайдын өлүмү боюнча текшерүү жүргүзүлдү.   Башкы прокуратурадан билдиришкендей, 2024-жылдын 8-апрелинде С.Н. өзүнүн багып алган төрт айлык ымыркай кызына өздүгүн аныктоочу документин алуу үчүн Октябрь районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылган учурда, башкармалыктын кызматкерлери ымыркай кыздын өздүгүн аныктоочу документи жок […]Читать далее

Кырсык

Жалал-Абад облусунда 42 үйдү сел каптады

19:30да тынымсыз жааган жаандын кесепетинен Ноокен району Момбеков айыл өкмөтүнүн Бостон айылында кокту-колотордон чогулган сел суулары 42 турак жайды каптап, 3 үйдүн ичине кирип, Бишкек – Ош автоунаа жолунун 510-чакырымында унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жараткан. Аталган кырдаалды жоюу үчүн Жалал-Абад башкармалыгынан ыкчам топ тартылып, штаб түзүлгөн. Жерине Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунан жана Таш-Көмүр, Жалал-Абад шаардык өзгөчө […]Читать далее

Президент

Борбор Азиядагы 45 миң көрүүчүгө ылайыкталган эң чоң стадиондун курулушу

Президент Садыр Жапаров Бишкектин четинде жайгашкан жаңы футболдук стадиондун курулушу эки жылда аяктай тургандыгын билдирди.   Мамлекет башчысы социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, анда Борбор Азиядагы уникалдуу эң чоң футболдук стадиондун көптөн күткөн курулушу башталгандыгын эске салды.   “Борбор Азиядагы 45 миң көрүүчүгө ылайыкталган эң чоң стадион. Стадиондун дизайнынын өзөгүн кыргыз маданиятынын маанилүү бөлүгү болгон […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Улуу Британиянын тышкы иштер министрин кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде, Борбордук Азияга болгон сапарынын алкагында өлкөгө расмий сапар менен келген Улуу Британиянын тышкы иштер министри, лорд Дэвид Кэмеронду кабыл алды.   Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-британ эки тараптуу кызматташтыгынын, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана транспорт тармактарындагы перспективалар тууралуу пикир алмашуу болду.   Ошондой эле тараптар билим берүү жана […]Читать далее

Өкмөт

МинКаб коомдук тамактануу жайларында санитардык эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө боюнча ишти

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментине жана жергиликтүү бийлик органдарына коомдук тамактануучу жайларда санитардык эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө боюнча ишти күчөтүү тапшырмасы берилди. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов борбор калаадагы ресторандардын биринде жарандардын массалык тамактан ууланышы боюнча акыркы фактыларга байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдар менен кеңешме өткөрдү. […]Читать далее

Аймак

Баткен облусунда жылдын I кварталында салыктарды чогултуу 100,4%га аткарылды

Бүгүн Баткен облусунун 2024-жылдын 1-квартал ичинде социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн аткарылышын караган облустук коллегия өттү.   Президенттин аймактагы өкүлү Абдикарим Алимбаевдин жетекчилиги астында өткөн коллегияда аппараттын бөлүм башчылары өз тармактары боюнча маалымат беришти. Ал эми район-шаар башчылары коллегияга онлайн катышты.   Облус башчысы тийиштү жетекчилерден салык топтоо, жер мунапысы, таза суу, сугат суу боюнча аткарылып жаткан иштер […]Читать далее

Саясат

Улуу Британиянын ТИМ башчысы Лорд Дэвид Кэмерон Кыргызстанга расмий иш

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Лорд Дэвид Кэмерон Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди.   Жогорку даражалуу конокту «Манас» эл аралык аэропортунда тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жана Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Улан Жусупов тосуп алды.   Сапардын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле өлкө жетекчилиги […]Читать далее

Коом

Бишкекте үч эм төрөлдү

Бишкекте үч эм төрөлдү, деп маалымдады КРнын Саламаттык сактоо министрлиги. 2024-жылдын 19-апрелинде Шаардык перинаталдык борбордо кесарево жолу менен үч эм төрөлдү. Ош шаарынын 35 жаштагы тургуну кош бойлуулугунун 33 жумалыгында эрте төрөт коркунучу менен келип түшкөн. 1930 гр., 2660 гр., 2660 гр. салмактагы эркек балдар төрөлгөн. Алгачкы суткада наристелер реанимация бөлүмүндө көзөмөлдө болушкан. Бүгүнкү күндө […]Читать далее