Республика боюнча 2025-жылдын 5 айында 402 бруцеллез оорусу катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Өзгөчө коркунучтуу, карантиндик инфекциялардын алдын алуу жана көзөмөлдөө республикалык борбору билдирди. Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилинде 358 учур катталган. Борбор адамдардын арасында бруцеллез оорусунун көбөйүшүнүн негизги себебин айыл чарба жаныбарларынын бруцеллез оорусу боюнча татаал эпизоотиялык кырдаалга байланыштырууда. “Республикада бруцеллез менен […]Читать далее
Президенттин Администрациясынын аппараттык жыйынында өлкөнүн маанилүү долбоорлорунун ишке ашырылышы талкууланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын аппараттык жыйыны болуп өттү. Отурумда, 100 күндүк өкмөттүк акселератордун алкагында жүргүзүлгөн масштабдуу иштердин кезектеги жыйынтыктары чыгарылды. Алгач, курулуш тармагындагы уруксат берүү тартиби реформаланганы айтылды. Курулуштун жүрүшүндө тоскоолдуктарды кыскартуу аркылуу улуттук өнүгүүнүн темпин тездетүү – бул реформанын негизги максаты. […]Читать далее
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан эл аралык героин каналы жабылып, 600 млн сомдук 175 кг баңгизат алынды. Атайын кызматтан билдиришкендей, Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймагы аркылуу Европа өлкөлөрүнө оор “героин” баңги каражаттарынын ири партияларын жеткирүү менен алектенген эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Бишкек шаарынын аймагында жалпы […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри Арнабек уулу Азамат башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол […]Читать далее
Республикалык стоматологиялык клиниканын имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан мурда мыйзам бузуу менен мамлекеттин менчигинен чыгарылган социалдык инфраструктура объекттерин аныктоо жана кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында , Бишкек шаарынын Панфилов көчөсү №173 дарегинде жайгашканаталган имаратты мыйзамсыз ээликке алуу фактысы аныкталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралары көрсөткөндөй, бул мамлекеттик […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов сылык иш сапары менен келген Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бирендер Сингх Ядавды кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-индия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде билим берүү, санариптештирүү, саламаттыкты сактоо жана маданият тармагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты. Тараптар ар кандай деңгээлдеги үзгүлтүксүз диалогду улантууга жана […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Отурумдун күн тартибине ылайык, Министрлер Кабинети менен бир катар жоопкерчилиги чектелген коомдор менен түзүлгөн инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери, ошондой эле Министрлер Кабинетинин токтомдорунун долбоорлору каралды. Анда, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы […]Читать далее
Адылбек Касымалиев Климаттын өзгөрүшү, экология жана туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Климаттын өзгөрүшү, экология жана туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча Координациялык кеңештин жыйыны өткөрүлдү, отурумдун күн тартибине эки маселе коюлган. Анда 2025-2028-жылдарга Климаттык каржылоо үчүн Кыргыз Республикасы менен Жашыл климаттык фонддун ортосундагы Өлкөлүк программа каралды. Бул программаны ишке […]Читать далее
Ирандан Кыргызстандын дагы 42 жараны ийгиликтүү эвакуацияланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Ведомстводон маалымдашкандай, эвакуациялоо иштери Ирандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарынын кайрылууларынын негизинде жүргүзүлгөн. Ошентип, Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун жана укуктарын коргоо максатында “Багжиран” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Түркмөнстанга 4 жаран, “Астара” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Азербайжанга 38 жаран эвакуацияланган. Учурда эвакуацияланган жарандардын баары Кыргызстанга аман-эсен кайтып […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги чет өлкөдө ишке орношууда алдамчылык фактылары көбөйгөнүн эскертет. Ведомствонун маалыматына караганда, Кыргызстандын жарандарын чет мамлекеттерге, өзгөчө Европа өлкөлөрүнө – Германия, Польша, Венгрия, Хорватия жана башка өлкөлөргө жумушка орноштурууда алдамчылык фактылары көбөйгөн. Шылуундар социалдык тармактарда жана мессенжерлерде укмуштуудай жарнамаларды жарыялап, төмөнкүлөрдү убадалашат: квалификация талап кылынбаган жогорку айлык акы; кепилденген иш […]Читать далее