Кыргызстандын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Мындай чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин ооздуктоо, 2022-2023-жылкы күз-кыш мезгилинде калкты көмүр менен өз убагында жана туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынды. Мындан улам жана “Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Канокпан Лао-Арайя Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжинде өткөн Алдыңкы тажрыйбалар борборлорунун ачылыш аземине катышты. Ошол эле учурда Балыкчы, Жалал-Абад, Кара-Балта, Кызыл-Кыя, Нарын, Ош жана Токмок шаарларындагы пилоттук колледждерде да ушундай борборлордун ачылыш аземи болуп өттү. Эдил Байсалов кесиптик билим […]Читать далее
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен расмий иш сапары менен Бишкекке келген Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюшту. – Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге; – КР министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров өлкөгө расмий сапар менен келген Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норовду кабыл алды. Жолугушууда ар тараптуу кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана эки тарапты кызыктырган башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы кыргыз-өзбек мамилелери достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк маанайында динамикалуу өнүгүп […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлиги, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Кыргызстандагы жалпы билим берүү мекемелеринин ашпозчуларын жана ашкана кызматкерлерин даярдоо боюнча Республикалык компетенция борборун ишке киргизди. “Улуттук мектеп тамагын оптималдаштыруу программасы Кыргыз Республикасынын билим берүү жана социалдык коргоо тутумдарынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат”, – деди Билим берүү жана илим […]Читать далее
4-ноябрь күнү, саат 15-00до Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинде Гапар Айтиевдин 110 жылдык мааракесине жана Семен Афанасьевич Чуйковдун 120 жылдык мааракесине арналган, “Башат” – “Истоки” аталган Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун күзгү республикалык көргөзмөсүнүн ачылышы болот. Көргөзмө 5-22-ноябрга чейин көрсөтүлөт. Экспозицияда көркөм кол өнөрчүлүк, скульптура, графика, живопись чыгармалары коюлган. Салттуу чыгармалар ошондой эле жаңы […]Читать далее
Кыргызстандын мамлекеттик катчысы — Элдик Курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетовдун төрагалыгы астында Уюштуруу комитетинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйында уюштуруу комитетинин мүчөлөрүнүн катышуусунда Биринчи Элдик Курултайды өткөрүүнүн күн тартиби бекитилип, Элдик Курултайдын иш регламентинин жана эмблемасынын долбоорлору жактырылды. Жыйындын жүрүшүндө Уюштуруу комитети тарабынан 2022-жылдын 9-сентябрында берилген тапшырмага ылайык, Элдик Курултайды даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча […]Читать далее
2022-жылдын тогуз айынын жыйынтыгында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 5 млрд 189,3 млн долларды түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет. “Салмак жагынан алып караганда 3 млн 471,6 миң тоннаны түзөт”, – деп айтылат маалыматта. Кыргызстандын товарлардын жалпы экспортунун көлөмү 500,2 млн доллар каражатты, салмак жагынан алганда 1 млн 936 миң тоннаны түздү. […]Читать далее
Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 3-ноябрдагы жыйынында депутат Жеңиш Токторбаев мал ээлерин салык төлөөгө милдеттендирүүнү сунуштады. Анын айтымында, калктын 70 пайыздан көбү айыл жергесинде мал чарба менен алектенет. “Элибиз байыды, айыл жергесинде бир адамда 3-4 унаа бар. Жашоо шартын көрсөңүздөр, шаардан кем эмес жашап калды. Малды кармагандарга салык киргизсек деген оюмду айткым келет. Орточо эсеп менен бир […]Читать далее
Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 4-ноябрда түнкүсүн Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаайт. Чүй, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда, тоо этектеринде кар жаайт. Чүй, Ысык-Көл, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында жаан, тоолуу жерлерде кар жаайт. Чүй, Ысык-Көл, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын […]Читать далее