4-ноябрга карата өлкөдөгү аба-ырайы

 4-ноябрга карата өлкөдөгү аба-ырайы

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 4-ноябрда түнкүсүн Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаайт. Чүй, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда, тоо этектеринде кар жаайт. Чүй, Ысык-Көл, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында жаан, тоолуу жерлерде кар жаайт. Чүй, Ысык-Көл, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14,

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +8…+13,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13,

Нарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +12…+14.

Связанный пост