2022-жылы Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 5 млрд 189,3 млн долларды түздү

 2022-жылы Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 5 млрд 189,3 млн долларды түздү

2022-жылдын тогуз айынын жыйынтыгында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 5 млрд 189,3 млн долларды түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

“Салмак жагынан алып караганда 3 млн 471,6 миң тоннаны түзөт”, – деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын товарлардын жалпы экспортунун көлөмү 500,2 млн доллар каражатты, салмак жагынан алганда 1 млн 936 миң тоннаны түздү. Ал эми импорттун көлөмү 4 млрд 689,1 млн доллар, салмагы 1 млн 535,6 миң тонна көрсөткүчтө болду.

Мындан сырткары, 2022-жылы Кытайдан товарлардын импорту 2 млрд 807 млн доллар же 607,3 миң тоннаны түзүп, андан 35,7 млрд сом бажы төлөмдөр чогулган.

Связанный пост