Жеңиш Токторбаев мал ээлерин салык төлөөгө милдеттендирүүнү сунуштады

 Жеңиш Токторбаев мал ээлерин салык төлөөгө милдеттендирүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 3-ноябрдагы жыйынында депутат Жеңиш Токторбаев мал ээлерин салык төлөөгө милдеттендирүүнү сунуштады.

Анын айтымында, калктын 70 пайыздан көбү айыл жергесинде мал чарба менен алектенет.

“Элибиз байыды, айыл жергесинде бир адамда 3-4 унаа бар. Жашоо шартын көрсөңүздөр, шаардан кем эмес жашап калды. Малды кармагандарга салык киргизсек деген оюмду айткым келет. Орточо эсеп менен бир жылкынын баасы 70 миңден 100 миң сомго чейин, ири мүйүздүү малдын баасы 60 миңден 80 миңге чейин, койдун баасы 12 миңден 18 миңге чейин турат. Эгер малдын ээлерине бир баш кой үчүн жылына 100 сом, ири мүйүздүү мал жана жылкы үчүн 250 сомдон салык киргизе турган болсок, бир жылда айыл өкмөттүн бюджетине 1,5 млрд сом каражат түшөт”, – дейт эл өкүлү.

Токторбаев Кыргызстанда 2 млн ири мүйүздүү мал, 700 миңге жакын жылкы, 8 млн кой бар экенин маалымдады.

Связанный пост