Мектеп ашпозчуларын окутуу үчүн республикалык компетенция борбору ачылды

 Мектеп ашпозчуларын окутуу үчүн республикалык компетенция борбору ачылды
 Билим берүү жана илим министрлиги, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Кыргызстандагы жалпы билим берүү мекемелеринин ашпозчуларын жана ашкана кызматкерлерин даярдоо боюнча Республикалык компетенция борборун ишке киргизди.
“Улуттук мектеп тамагын оптималдаштыруу программасы Кыргыз Республикасынын билим берүү жана социалдык коргоо тутумдарынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат”, – деди Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясатынын башкармалагынын башкы адиси Бакыт Рысбеков.
“Республикалык компетенция борбору бизге бүткүл өлкө боюнча алдыңкы тажрыйбаларды жайылтууга, жаңы методдорду иштеп чыгууга жана Улуттук мектеп тамагын оптималдаштыруу программасынын ишке ашырылышына жана сапатына мониторинг жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул борбор башка жалпы билим берүү мекемелеринде мектеп тамагын оптималдаштыруу программасын кеңейтүү үчүн кызмат кылат деп үмүттөнөбүз.”, – деди БУУ ДАТПнын Кыргыз Республикасындагы өкүлү жана директору Кожиро Накай.
Бул үчүн борбордо лекциялык аудитория жана өндүрүштүк жайлар жабдылган, ал жерде окутуунун катышуучулары алган билимдерин бекемдей алышат.

Связанный пост