Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда, журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттардын өкүлдөрүн Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Дүйнө жүзүндө коомдук пикир жаратып, элди туура нукка буруунун башкы куралы бул – жалпыга маалымдоо каражаттары. Өлкө турмушундагы саясий, социалдык-экономикалык маанилүү окуяларды […]Читать далее
Бүгүн, 4-ноябрда КР ички иштер органдарынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегия өттү. Коллегияга ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, борбордук аппараттын башкы башкармалыктары, райондук бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты. Жыйындын негизги темасы катары Ички иштер органдарынын 2022-жылдын тогуз айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу маселе каралды. Андан сырткары санариптештирүүнү өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан иш […]Читать далее
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев менен жолугушту. Жолугушууда тараптар мамлекеттик тилди укуктук жөнгө салуу, билим берүү, жарнак тармагындагы маселелерди талкуулашты. К.Осмоналиев Ош шаарынын мэриясынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамынын аткарылышын жөнгө салуу боюнча жүргүзүп жаткан иштердин маанилүүлүгүн белгилеп, үзгүлтүксүз негизде жүзөгө ашыруу […]Читать далее
Бүгүн, 4-ноябрда Ош шаарынын мэриясында 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүнө карата массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлоо иш-чарасы өттү. Ош шаарынын мэриясы менен тыгыз кызматташып, жергиликтүү бийлик менен элдин ортосуна көпүрө болгон ЖМК өкүлдөрүн мэр Алмаз Мамбетов куттуктады. Мэр өз сөзүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Ош шаарында жасалып жаткан иштерди, жетишкендиктерди […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын 9 айында бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча 1 млрд 458,6 млн сом салык жыйнады. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд 217,8 млн сомго көп, башкача айтканда жыйымдар 6 эсеге жогорулады. Ошондой эле бул салык салуу системасын колдонгон салык төлөөчүлөрдүн саны өстү. Алсак, бүгүнкү күндө бирдиктүү салыктын […]Читать далее
Жогорку Кеңештин депутаттарынан акча опузалоого шектелип “Мир24.kg” маалымат порталынын директору кармалды. Кечээ, 3-ноябрда 2 миң доллар каражатты өткөрүп берүү учурунда 2016-2017-жылдардагы соцтармактарда жарыяланган аудиожазууларды шантаж кылуу жолу менен Жогорку Кеңештин депутаттарынан акча каражатын туруктуу негизде талап кылган бир катар адамдар кармалды. Кылмыштын негизги аткаруучусу МИР24.kg маалымат порталынын башкы директору С.С.К. болгон. Ал ошол эле учурда […]Читать далее
Финансы Министрлигинин – “Микро, кичи жана орто ишканаларды пайызсыз ыкчам колдоо” долбоору иштеп жатат. Ал кайтарымдуулук негизде пайызсыз финансылык жардам көрсөтүүнү каржылоого багытталган. Быйыл Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы “Микро, кичи жана орто ишканаларды пайызсыз ыкчам колдоо” долбоорун каржылоо максатында 50 млн. АКШ доллары өлчөмүндө келишимге кол коюлган. Ишкерлерди […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-сентябрындагы Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өлкөнүн аймагына ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден эсепке алынбаган товарларды ташып келүүгө бөгөт коюу боюнча күчөтүлгөн иштерди жүргүзүүдө. Тиешелүү уруксат берүүчү документтери (коштомо кагаз, ЭСФ, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз, салыктык каттоо жөнүндө маалымкат ж.б.) жок товарларды ташып келүү фактылары аныкталган учурда, товар жана аны ташып […]Читать далее
Жалал-Абад шаарындагы Кантөрө Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде жаңы спорттук комплекс ачылды. Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Исламбек Масабиров, шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, окуу жайдын ректору Сатыбалды Өмүрзаков, мугалимдер жана студенттер катышты. “Жалпы аянты 1,2 миӊ чарчы метрди түзгөн имарат окуу жайдын […]Читать далее
Марат Иманкулов КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук кеңештеринин катчыларынын мааракелик жолугушуусуна катышты
Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов 3-ноябрда Москва шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын мааракелик онунчу жолугушуусуна катышты. Иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Марат Иманкулов учурдагы чакырыктар менен коркунучтарга токтолуп, алар кичирейбей, мутацияланып, көп багыттуу, тез өтүүчү жана кооптуу болуп баратканын белгиледи. Ар бир мамлекет ар тараптан соккуларды алып, заматта геосаясий оюндардын бутасына […]Читать далее