Кыргызстанда тогуз ай аралыгында 36 миң кылмыш иши козголгон

 Кыргызстанда тогуз ай аралыгында 36 миң кылмыш иши козголгон

Бүгүн, 4-ноябрда КР ички иштер органдарынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегия өттү.

Коллегияга ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, борбордук аппараттын башкы башкармалыктары, райондук бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Жыйындын негизги темасы катары Ички иштер органдарынын 2022-жылдын тогуз айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу маселе каралды. Андан сырткары  санариптештирүүнү өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан иш -аралар жана натыйжалар жөнүндө, жайкы туристтик сезон учурунда көрүлгөн коопсуздук чаралары, элге сервистик тейлөө көрсөтүүнүн сапаты, жол кыймылынын коопсуздугу жана жарандардын арыз-билдирүүлөрүн өз убагында кароо жана алардын чечилишинин сапаты жөнүндө маселелер талкууланды.

Министрликтин бүгүнкү өтүп жаткан коллегиясында ички иштер органдарынын 2022-жылдын тогуз айында аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана санариптештирүү багытында аткарылган иштер  боюнча талдоо баяндаманы министрдин биринчи орун басары Адыл Бийбосунов менен министрдин орун басары Суюнбек Ниязбеков жасады.

2022- жылдын 9 ай аралыгында республика боюнча 36 миң 696  кылмыш иш козголгон. Алардын ичинде 34 миң 226 кылмыш ички иштер органдарында козголгон, бул кылмыштардын жалпы санынын 93,3 % түзөт. Быйыл козголуп, өндүрүштө болгон кылмыш иштеринин ичинен 18 миң 259 фактысынын, же 56,1% бети ачылган. Сот органдарына 14.124 кылмыш иши жиберилди.

Связанный пост