Оштун мэри Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы менен жолугушту

 Оштун мэри Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы менен жолугушту
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар мамлекеттик тилди укуктук жөнгө салуу, билим берүү, жарнак тармагындагы маселелерди талкуулашты. К.Осмоналиев Ош шаарынын мэриясынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамынын аткарылышын жөнгө салуу боюнча жүргүзүп жаткан иштердин маанилүүлүгүн белгилеп, үзгүлтүксүз негизде жүзөгө ашыруу зарылдыгын кошумчалады.
Ошондой эле шаардагы ЖОЖдордо мамлекеттик тилди окутуунун сааттарын көбөйтүү маселеси каралды. Мындан сырткары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында эксперт-лингвист жаңы кызмат ордун киргизүү маселеси көтөрүлдү. Анын функционалдык милдеттерине тиешелүү ченемдик-укуктук актылардын туура жазылышын, тексттердин стилин текшерүү жана жөнгө салуу маселелери камтылат.
Мэр бул айтылган демилгелерди колдоду.

Связанный пост