Бирдиктүү салык боюнча түшүүлөр өткөн жылга салыштырмалуу алты эсеге өстү

 Бирдиктүү салык боюнча түшүүлөр өткөн жылга салыштырмалуу алты эсеге өстү

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын 9 айында бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча 1 млрд 458,6 млн сом салык жыйнады. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд 217,8 млн сомго көп, башкача айтканда жыйымдар 6 эсеге жогорулады.

Ошондой эле бул салык салуу системасын колдонгон салык төлөөчүлөрдүн саны өстү. Алсак, бүгүнкү күндө бирдиктүү салыктын төлөөчүлөрү 28 миң 520га жетти, бул өткөн жылга салыштырмалуу 18 миң 366 субъектке көп.

Бирдиктүү салык салыктын үч түрүн алмаштырат (пайда салыгы, сатуу салыгы жана салык салынуучу берүүлөргө КНС) жана адилеттүү, жеткиликтүү салык салуу аркылуу бизнести колдоого багытталган.

Салык төлөөчүлөрдүн салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына өтүү себептеринин бири – 2022-жылы ишин баштаган ата мекендик ишкерлер жана өндүрүүчүлөр үчүн жагымдуу мүмкүнчүлүктөр болуп саналат.

Алсак, калкка товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу менен алектенген жеке ишкерлер 2022-жылы салыкты 0% ставка менен төлөй алышат. Алар ошондой эле 2022-жылдан 2024-жылга чейинки салык мезгилдери үчүн бирдиктүү салык отчетторун тапшыруудан бошотулган.

Белгилей кетсек, бул ставкалар жеке ишкер кайрадан катталган же көрсөтүлгөн мезгилдерде башка салыктык режимден салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына өткөн учурда колдонулат. Ошол эле учурда ал сөзсүз түрдө ККМди колдонушу керек, ал эми түшкөн акчанын көлөмү акыркы 12 айда 8 млн сомдон ашпашы керек.

Бирдиктүү салыктын негизинде иш жүргүзгөн тигүү өндүрүшүнүн субъекттери үчүн 2027-жылдын 1-январына чейинки 5 жыл аралыгындагы мөөнөткө түшкөн акчанын 0,25% өлчөмүндө төмөндөтүлгөн ставка каралган. Мындан тышкары, тигүү өндүрүшүнүн субъекттеринде бул системада иш жүргүзүү үчүн түшкөн акчанын көлөмү боюнча чектөөлөр жок.

Бирдиктүү салыктын төлөөчүлөрү контролдук-кассалык машинаны жана/же электрондук эсеп-фактураны колдонушу керек.

Бирдиктүү салык эскирген патенттик салык системасы үчүн эң сонун альтернатива болуп саналат, бул чакан жана орто бизнеске тиешелүү салыктар төлөнгөн кирешелерин мыйзамдаштырууга мүмкүндүк берет.

Связанный пост