Контрабандалык товарлар транспорт менен кошо конфискацияланат

 Контрабандалык товарлар транспорт менен кошо конфискацияланат

Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-сентябрындагы Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өлкөнүн аймагына ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден эсепке алынбаган товарларды ташып келүүгө бөгөт коюу боюнча күчөтүлгөн иштерди жүргүзүүдө.

Тиешелүү уруксат берүүчү документтери (коштомо кагаз, ЭСФ, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз, салыктык каттоо жөнүндө маалымкат ж.б.) жок товарларды ташып келүү фактылары аныкталган учурда, товар жана аны ташып келген транспорт каражаты конфискацияланат (тартып алынат).

Ушуга байланыштуу, Салык кызматы импорттоочу ишкерлерди товарларды ташып келүүдө Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып келүү (импорттоо) боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин так сактоого чакырат.

Связанный пост