“Микро, кичи жана орто ишканаларды пайызсыз ыкчам колдоо” долбоору иштөөдө

 “Микро, кичи жана орто ишканаларды пайызсыз ыкчам колдоо” долбоору иштөөдө
Финансы Министрлигинин – “Микро, кичи жана орто ишканаларды пайызсыз ыкчам колдоо” долбоору иштеп жатат. Ал кайтарымдуулук негизде пайызсыз финансылык жардам көрсөтүүнү каржылоого багытталган.
Быйыл Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы “Микро, кичи жана орто ишканаларды пайызсыз ыкчам колдоо” долбоорун каржылоо максатында 50 млн. АКШ доллары өлчөмүндө келишимге кол коюлган.
Ишкерлерди мотивациялоо үчүн ылайыктуу чыгашалардын тизмеси кеңейтилди. Кайтарылуучу финансылык жардамдын өлчөмдөрү жана шарттары көбөйтүлдү. Категориялар боюнча максималдуу суммалар 1 000 000 сом жана 3 000 000 сом чегинде 36 айга чейинки мөөнөткө аныкталат.
Учурда 1 миллиард сомдон ашык каражат которулуп, 3 миңге жакын ишкер 900 миллион сомдон ашык каржыланган.
Аталган кредиттер – айыл чарба, дыйканчылык, мал багуу жана балык уулоо менен алектенгендерге каралган эмес. Аталган ишкерликтерден тышкары бардык бизнести өнүктүрүүчү ишканаларга пайызсыз кредит берилет.
Долбоорго катышуу үчүн талаптар:
– Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык, 6 айдан кем эмес иштеген, жылдык жүгүртүүсү жүгүртүүсү 8 млн сом. жана 30 млн. сомдон ашпаган жеке ишкерлер.
– Салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу же алар боюнча карыздын жоктугу, ошондой эле банкка кайрылуу датасына кредиттик бюронун маалыматын эске алуу менен.
Өнөктөш банктар:
– ОАО «Айыл Банк»
– ОАО «Керемет Банк»
– ОАО «РСК Банк»
– ЗАО «Банк Азии»
– ОАО «ФинансКредит Банк»
– ОАО «КБ Кыргызстан»
– ОАО «Капитал Банк Центральной Азии»
– ОАО «Халык Банк Кыргызстан»
– ОАО «Дос-Кредобанк»
– ОАО «Кыргызкоммерцбанк»
– ОАО «Бакай Банк»
– ЗАО «Кыргызско-Швейцарский Банк»

Связанный пост