Саясат

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Самарканд шаарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, Өзбекстан Республикасына иш сапары менен келди. Мамлекет башчысынын учагы Самарканд шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды. Аэропорттун флагштокторунда Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) катышуучу мамлекеттеринин башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынына катыша турган өлкөлөрдүн мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди. Эске салсак, […]Читать далее

Коом

Ош шаарында жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору ачылды

Бүгүн, 10-ноябрда Ош шаарында жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору ачылды. Ачылышка санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамкеткадыров, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын директору Асел Кененбаева жана Калкты каттоо департаментинин директорунун орун басары Элиза Эсеналиева катышты. Министрдин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров белгилегендей, КР президентинин “Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана […]Читать далее

Саясат

Бакыт Төрөбаев: Министрлер Кабинети өлкөдө жагымдуу бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты

Министрлер Кабинети өлкөдө жагымдуу бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты түзүүгө умтулат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев JIA бизнес-ассоциациясы уюштурган «BIF – 2022» Бишкек инвестициялык форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Анын айтымында, көп жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан Бишкек инвестициялык форуму Борбор Азиядагы эң ири бизнес-форумдардын бири катары таанылып, көптөгөн мамлекеттердин ишкерлерин […]Читать далее

Саясат

2022–2027-жылдарга электр жана почта байланыш тармагын өнүктүрүү программасы бекитилди

Кыргыз Республикасынын электр жана почта байланыш тармагын 2022–2027-жылдарга өнүктүрүү программасы бекитилди. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Аталган документ 2022–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын электр жана почта байланыш тармагын мындан ары өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан. Буга катар 2022–2027-жылдарга электр жана почта байланыш тармагын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу жооптуу аткаруучулардын тиешелүү жылдарга […]Читать далее

Спорт

Самбо боюнча дүйнө чемпионаты: Кыргызстандан катыша турган спортчулар

11-13-ноябрь күнү Бишкек шаарында өтө турган самбо боюнча Дүйнө чемипонатына катыша турган Кыргыз Республикасынын курама комадасынын тизмеси аныкталды. Спорттук самбо: 1. 58 кг-Жанбосунов Нургазы 2. 64 кг-Бараканов Белек 3. 71 кг-Уланбеков Феликс 4. 79 кг-Алиев Айдол 5. 88 кг-Асылбек уулу Жамалбек 6. 98 кг-Жолдошказиев Турарбек 7. +98кг-Токтогонов Бекболот Кыз-келиндер: 1. 50кг-Абдумалик кызы Самара 2. 54кг-Рыскулбекова […]Читать далее

Саясат

Садыр Жапаров ТМУ Саммитине катышуу үчүн Өзбекстанга учуп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) катышуучу мамлекеттеринин башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынына катышуу үчүн Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарына иш сапары менен учуп кетти. Өлкөлөрдүн лидерлери Уюмдун алкагындагы көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашып, ТМУнун Декларациясын жана 2022-2026-жылдарга Стратегиясын кабыл алышат. Иш-чаранын алкагында транспорт, бажы иши, санариптештирүү жаатындагы документ жана макулдашууларга кол коюу, […]Читать далее

Спорт

Мас-рестлинг боюнча улуттук курама команда Азия чемпионатында 21 медаль жеңди

Кыргыз Республикасынын мас-рестлинг боюнча улуттук курама командасы Алмалык (Өзбекистан) облусунда өткөн Азия чемпионатында 21 медаль (9 алтын, 4 күмүш, 8 коло) жеңди. Белгилей кетсек, аталган мелдешке 3-6-ноябрь күндөрү өтүп 7 мамлекеттен 120 дан ашык спортчу катышты. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси: Алтын медалдардын ээлери: 60 кг салмакта Чынгыз Саламатов, Байас Арстаналиев, 65 кг салмак даражада Адилет Имашов, 70 […]Читать далее

Коом

Соцфонд 2022-жылдын январь-октябрь айларында 61 миң 145 жаранга пенсия чектеди

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан 2022-жылдын январь-октябрь  айларында  61145  жаранга пенсия дайындалып чектелди. Ошонун ичинде, 2022-жылы октябрь айында 3009 жаранга пенсия чектелди. Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 986 пенсионерге кошумча  берилген  документтерге  ылайык пенсиялар  кайрадан  эсептелинди.Читать далее

Коом

Борбор калаага 160 миң даана жоогазын гүлдөрү отургузулду

Быйыл борбор калаанын гүлзарларында жалпысынан 160 миң даана жоогазын гүлдөрү отургузулду. Жазында шаардыктар жоогазын гүлдөрүн  Жаштык аллеясынан, Эмен паркынан, Пушкин көчөсүндө Курмаржан Датка эстелигинин жанынан, А. Малдыбаев атындагы театрдын алдынан,  Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Жомок” скверинен көрө алышат. Эске салсак, былтыр жазында борбордо 140 миң жоогазын гүлдөгөн.Читать далее

Саясат

Төрага Нурланбек Шакиев Алайдагы бала бакчанын ачылышына катышты

Бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Алай районундагы иш сапарынын алкагында Жошолу айыл аймагында курулган 90 орундуу бала бакчанын ачылышына катышты. Белгилей кетсек, аталган бала бакчанын курулушуна республикалык бюджеттен 23 млн 600 миң сом бөлүнгөн. Бардык шарты менен курулган мекеме аймактагы үч айылга кызмат кылат. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Төрага Нурланбек Шакиев акыркы жылдары […]Читать далее