Мас-рестлинг боюнча улуттук курама команда Азия чемпионатында 21 медаль жеңди

 Мас-рестлинг боюнча улуттук курама команда Азия чемпионатында 21 медаль жеңди
Кыргыз Республикасынын мас-рестлинг боюнча улуттук курама командасы Алмалык (Өзбекистан) облусунда өткөн Азия чемпионатында 21 медаль (9 алтын, 4 күмүш, 8 коло) жеңди.
Белгилей кетсек, аталган мелдешке 3-6-ноябрь күндөрү өтүп 7 мамлекеттен 120 дан ашык спортчу катышты.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
Алтын медалдардын ээлери: 60 кг салмакта Чынгыз Саламатов, Байас Арстаналиев, 65 кг салмак даражада Адилет Имашов, 70 кг салмакта Бекмырза Токтошев, 90 кг салмакта Чыныбек Улуу Русланбек, 125 кг салмакта Ырысбаев Улукбек, 125 кг салмактан жогоркулар арасында Келдибек Атайбек уулу жана кыз-келиндер арасында 65 кг салмак категориясында Маданбаева Адель, 75 кг салмакта Болотбекова Эльдана, 85 кг салмактан жогоркулар арасында Рахманова Дилдора 1-орунду ээледи.
75 кг салмакта Дустматов Хурсан, кыз-келиндер арасында 55 кг салмак даражада Садырова Малика, 85 кг салмакта Мамажанова Санабархон күмүш медалдардын ээлери болушту.
Ошондой эле, 65 кг салмакта Шербакун Улуу Ислам, 70 кг салмакта Турсунбеков Данияр, 75 кг салмакта Шакиров Азамат, 80 кг салмакта Роман уулу Бакыт, 105 кг салмакта Урунбаев Акылбек жана кыз-келиндер арасында 75 кг салмакта Бектурган кызы Гульдана, 85 кг салмактан жогоркулар арасында Илишева Винера коло байгенин ээси болду.

Связанный пост